2016-жылга Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын изденип алууга конкурс жарыяланды

Новости
14-Январь 2016-ж.
2022

КР сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча Кеңештин 2015-жыл 26-майындагы жыйынын Протоколу менен Кыргыз Республикасында сапат боюнча Сапат жана коопсуздук: жашоонун бийиктиктерине алган жол” сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыялоо шарттары бекитилген.

Ушуга байланыштуу, 2016-жылга КР сапат боюнча сыйлыгын изденип алуу үчүн тамак аш продукциясы жана кайра иштетүү өнөр жай тармагында конкурс жарыяланат.

Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгы конкурстук негизде тамак аш продукциясынын сапатын камсыз кылуудагы олуттуу жетишкендиктери үчүн, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, продукцияны өндүрүүдөгү шарттарды сактоо, ошондой эле керектөөчүлөрдүн суроо талаптарын канааттандыруу, жогорку натыйжалуу менеджмент тутумун ишке киргизгендиги үчүн ыйгарылат.

Конкурстун шарттары:

2016-жылдагы конкурска тамак аш продукциясы жана кайра иштетүү өнөр жай тармагынын ишканадары үч номинацияда катыша алат:

-Кичи ишканалар(иштегендердин саны 50 адамга чейин)

- Орто ишканалар( иштегендердин саны 51ден 200 адамга чейин)

- ири ишканалар (иштегендердин саны 201 адамдан жогору).

Конкурстун катышуучулары КР сапат боюнча сыйлыгынын 9 критерийи менен бааланат, бул сапат боюнча Европа сыйлыгынын продукциянын сапаты жаатында жетишкендиктери боюнча критерийлер КМШ сыйлыгына шайкеш келет.

КР сапат боюнча сыйлыгынын моделинин критерийлери 2013-жылдагы менеджмент жана сапаттын Европа фондунун жаңы моделин эске алуу менен сунуш кылынган.

Конкурста активдүү катышкандыгы үчүн жана тамак аш продукциясынын сапат жаатында жетишкен ийгиликтери үчүн лауреаттар жана дипломаттары КР Өкмөтүнүн дипломдору жана белгиленген үлгүдөгү сыйлыгы менен сыйланышат.

Уюмдар-лауреаттар жана дипломанттар Сапат” сыйлыгынын эмблемасын 3-жыл өзүнүн маалыматтык жана жарнамалык материалдарында сыйлык ыйгарылган жылды көрсөтүү менен колдоно алышат.

Сыйлыкты изденип алуу үчүн юридикалык жана жеке жактар менчиктин түрүнөн көз карандысыз катыша алышат.

Конкурска катышуу ыктыярдуу. Конкурска катышууну каалаган субъекттер Кеңештин Техникалык Катчылыгына белгиленген үлгүдөгү арыз менен кайрылышат

Арыздарды кабыл алуу 2016-жылдын 1-июнуна чейин , уюмдун өзүн өзү баалоосу боюнча материалдарды берүү- 2016-жылдын 1-июлуна чейин жүргүзүлөт.

Конкурстун материалдарында камтылган жана уюмга баруудан алынган маалыматтар жашыруун каралат жана башка максатка пайдаланылбайт.

Сыйлыктын лауреатын тандоо- конкурс түрүндө, эксперттик баалардын негизинде катышуучулардын ичинен эң мыктысын тандоо.

КР 2016-жылдагы сапат боюнча сыйлыгын тамак аш продукциясы жана кайра иштетүү өнөр жай тармагындагы Конкурстун бардык маселелери боюнча сапат боюнчка КР сыйлыгын ыйгаруу боюнча Кеңештин Техникалык Катчылыгына – КР ЭМ алдындагы стандартташтыруу жана метрология боюнча борборго төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот:

740040, Бишкек ш, Панфилов к 197, ЦСМ, кабинет 313,

Тел. +996 312 66-22-81, Факс +996 312 66-13-67,

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу