Министрдин орун басары Т.Джунушалиев : Кыргызстан кен казуу тармагына инвестицияны жогорулатууну көздөйт

Новости
15-Январь 2016-ж.
1987

Кыргызстандын аймагында бир нече миң кен байлыктары жатат. Өкмөт кен казуу тармагына өзгөчө көңүл бура баштады, кен казуу тармагынын өнүгүүсү менен өлкөнүн экономикасын бир кыйла жогору деңгээлге жеткирүү мүмкүн . КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча кен казуу тармагы ИДП нын -0,9 % үлүшүн түзөт.

Жыл сайын Кыргызстандын тоо руда тармагына 2-2,5 млрд.доллар киргизилет. Өнүгүү стратегиясы инвестициянын көлөмүн 5 млрд жеткирүүнү көздөйт.

Бүгүнкү күндө, тармак активдүүлүк фазасына жете элек жана өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ача элек- Азырынча агылып келип жаткан инвестиция деле жок жана бардык инвестициялык долбоорлорду иш жүзүнө ашыруу мындан аркы тоо кен иштерин өнүктүрүү үчүн мыкты стимул болмок”- деди Экономика министринин орун басары Туратбек Джунушалиев.

Анын айтуусунда, эң башкы кыйынчылык өндүрүшкө олуттуу капитал киргизүүнүн зарылчылыгында турат. Инвестициянын чыныгы милдети-бизнесмендин кызыкчылыгына артыкчылык берүү керек, алар бул жерге кайрымдуулук жасаганы келишпейт, алар пайда тапканы келишет. Ошону менен бирге алардын келиши жергиликтүү кооомчулук үчүн кандайдыр бир пайда алып келүүсү зарыл- аларга –инфраструктура түзүү, жолдорду куруу, жарык берүү, суу куурларын өткөрүү, социалдык маанидеги объекттерди куруулар кирет.

Өкмөттүн тоо кен өнөр жайын өнүктүрүү үчүн 2015-2030 жылдар аралыгына болгон Программасы, мамлекеттик органдардын жер участокторун бөлүүдө, зарыл болгон уруксат кагаздарын алууда, юридикалык жактан тариздөөдө жана жергиликтүү калак менен инвесторлордун кызыкчылыгын коргоодо инвесторго жардам көрсөтүү үчүн

мыкты уюштурулган иштери үчүн иш аракеттердин планын камтыйт.

Ошондой эле Министрлик жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча программанын долбоору иштелип жатат. Мунун баары өндүрүштү диверсификациялоо үчүн жасалууда – Биз бир гана тармактан көз каранды болбошубуз керек. Республиканын тармактык экономикасы ар тараптуу болуусу зарыл, бул биринчи кезекте импортту алмаштырууга, калкты жумуш орду менен камсыз кылууга жана өлкөнүн казынасын толтурууга жакшы өбөлгө болот-деп белгиледи министрдин орун басары.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу