Министр А. Кожошев Текстиль өнөр жайына инвестиция тартуу боюнча зарыл болгон чаралар жөнүндө

Новости
13-Январь 2016-ж.
2002

Бүгүн макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин кеңешмесинин жүрүшүндө, Экономика министри Арзыбек Кожошев Кеңештин мүчөлөрүн текстилдик жана тигүү тармагындагы кырдаал, ошондой эле текстилдик фабриканы куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө маалымат берди

Министр белгилеп кеткендей, жеңил өнөр жайы КР экономикасынын приоритеттүү багыттарынан болуп эсептелет. Тактап айтканда, текстиль жана тигүү тармагы бул сектордун темпин жогорулатууда негизги роль ойнойт.

Жыл сайын 190 млн.АКШ доллары суммасында продукция өндүрүлөт жана анын ичинен, орточо, 160 млн.АКШ доллары суммасындагы товар Россияга жана Казакстанга экспорттолот. Текстиль-тигүү тармагынын 80% жеке ишкерлер ачкан тигүү өнөр жайы түзөт.

Текстиль жана тигүү өнөр жайынын маанилүүлүгү өндүрүш менен экспорттун олутту көлөмү менен гана шартталганы менен гана эмес социалдык жактан маанилүү. Жеңил өнөр жай тармагында болжол менен 300 миң адам иштейт, анын ичинен 200 миңи текстиль жана тигүү өнөр жай тармагында иштешет. Анын ичинде текстилдик продукцияны импорттоонун көлөмү 370 млн.АКШ долларын түзүп, экспорттун көлөмүн 2 эсеге жогорулатат. Бул дисбаланс тигүү өнөр жайы үчүн сырьенун жетишсиздиги болуп эсептелет.

Экономика министрлиги бул тармактагы маселелерди чечүү үчүн төмөнкүдөй сунуштарды киргизет:

-инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүү боюнча административдик органдар үчүн стимулдардын тизмесин иштеп чыгуу;

-кайрадан түзүлгөн ата мекендик өндүрүштү кара ниет атаандаштыктан коргоо механизмин иштеп чыгуу;

- текстиль өнөр жайын өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу үчүн ташылып келип жаткан текстилдик продукцияны декларациялоонун жол жоболорун катаалдантуу

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу