Бишкекте ЕАЭБ шарттарында тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча экономикалык форум болот

Новости
13-Январь 2016-ж.
1970

2016-жылдын 18-январында саат15-00 «Парк Отель Бишкекте» Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттик Евразия экономикалык бирлигинин шарттарында тигүү тармагын өнүктүрүү” темасында экономикалык форум болуп өтөт.

Форумдун максаты текстиль жана тигүү тармагынын бүгүнкү кырдаалдагы маселелерин талкуулоо, өнүгүүнүн келечеги жана көйгөйлөрү, өндүрүштү жогорулатуунун жолдорун издөө жана текстиль буюмдарына кошумча наркты жогорулатуу.

Форумга экономика министри А. Кожошев , ошондой эле текстиль жана тигүү бизнес-ассоциациасынын өкүлдөрү катышат. Экономикалык форумдун жүрүшүндө Кара-Балта шаарындагы текстильдик фабриканын долбоорун презентациялоо каралган.

Бул иш чаранын алкагында Ал-Суу” ЖЧК, Деңиз Текстиль” ЖЧК жана Айыл Банк” ААК ортосундагы үч тараптуу макулдашууга , КР ЭМ алдындагы Инвестицияны илгерилетүү боюнча агенттик менен Айыл Банк” ААК кызматташуусу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бул Макулдашуу мурунку Ал-Суу заводунун ордунда текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоорду ишке ашыруунун башталышы болот.

Текстиль фабрикасын куруу тигүү тармагын арзан жана жеткиликтүү сырье менен камсыз кылат, бул өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатууга жол ачат, импортту алмаштыруу жылына 50млн. АКШ долл түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу