Кыргызстанда ОЧБ ИДП нын жалпы көлөмүнүн 40% иштеп чыгат

Новости
12-Январь 2016-ж.
1942

Бул жөнүндө бүгүн чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн издөөгө арналган тегерек столдун жүрүшүндө министрдин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

2015-жылдын 10 айы үчүн Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4571,1млн.долл түздү. Анын ичинде өткөн жылга караганда 25,5%төмөндөгөнүнө карабастан, экспорттон үч эсе көп. Өлкөгө өткөн жылдын январынан октябрына чейин 3389,1млн.долл суммасындагы товар келди, 1182,0 млн.доллар суммасындагы товар экспорттолду. Экспорт кыскаруусу импортко салыштырмалуу көп эмес , импорт -6,5 % кыскарды.

Улуттук валютанын туруктуулугу өндүрүштөн көз каранды. Эксперттер жана бизнесмендер белгилегендей, доллардын таасиринен көз каранды болбош үчүн соодадагы дисбалансты жоюу керек. Республика ДСУ менен ЕАЭБ мүчө болууну пайдалануу менен өндүрүштүн бүгүнкү деңгээли менен да көбүрөөк сатууга чыкса болот

Экспортту-кичи жана орто бизнести колдоо менен өстүрүүгө болот. Бул сектор-бардык мамлекеттин экономикалык негизин түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө ОЧБ экономикадагы үлүшү 50-70% түзөт. Кыргызстанда ИДП жалпы көлөмүнүн 40% түзүү менен, олутту бюджеттик келип түшүүлөрдү камсыз кылуу менен, он миңдеген жумуш орундарын камсыз кылууда . Ишкер коомчулуктун өкүлдөрү бул сектордун өлкөдө өнүгүү потенциалы жогору экендигин белгилешет.

Дүйнөнүн бир нече аймактарындагы экономикалык кризис шарттарында, чакан жана орто бизнес гана чабал экономикага экинчи дем бере ала алат –деп белгилейт Д. Иманалиев.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу