Жумушчу кеңешме КР ЕАЭБ дин алкагында энергетика, транспорт жана инфраструктура маселелерине арналды

Новости
05-Январь 2016-ж.
1900

2016-жылдын 6-январында Экономика министрлигинде министрдин орун басары Кылычбек Джакыповдун , Өкмөт Аппаратынын, Транспорт жана коммуникация министрлигинин ведомстволук мамлекеттик органдардын, коммерциялык структуралардын, коомдук уюмдардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын энергетика, транспорт жана инфраструктурасынын абалы. ЕАЭБ алкагындагы кызматташуунун келечеги” деген темада жумушчу кеңешме болуп өттү.

Министрдин орун басары К.Джакыпов белгилегендей, Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясынын башка мамлекеттериндей эле бирдей укукка ээ, башка мамлекеттер сыяктуу эле эки министр көрсөтүлгөн”. Күн тартибинде:

-энергетика транспорт жана инфраструктура;

- экономикалык бирликтин алкагында көп тармактуу кызматташуу критерийлери каралды;

-энергетика, газ, нефти жана нефти продуктыларынын жалпы рыногун түзүү этаптары, ошондой эле 2016-2025 жылдарга карай транспорт кызматынын жалпы рыногун түзүү каралат

Кеңешменин жүрүшүндө Коллегиянын мүчөсү Данил Ибраев негизги тоскоолдуктарды жана маселелерди белгилеп өттү. Негизги маселелердин реестрине төмөнкүлөрдү киргизүү зарыл:

Бул тармакта монополиялык үстөмдүк менен шартталган атаандаштык рыногунун жоктугу;

Энергоресурстарды ташуу тутумуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуучу бирдиктүү эрежелердин жоктугу.

Анын ичинде энергоресурстарга түзүлө турган бааларды мамлекет жөнгө салуусу, бул көрүнүш бааларды түзүүдөгү рыноктук механизмдердин жоктугунан кабар берет.

Отун-энергетикалык комплекстерди натыйжалуу пайдалануу максатында , ошондой эле улуттук экономиканы энергетикалык ресурстардын негизги түрлөрү менен камсыз кылуу максатында мүчө-өлкөлөр координацияланган энергетикалык саясатты төмөнкү негизги принциптердин негизинде жүргүзөт:

-энергетикалык ресурстарга рыноктук бааларды түзүү;

-атаандаштыкты өнүктүрүү, басмырлоого жол бербеген шарттарды түзүү.

ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимге ылайык, энергетикалык жалпы рынокту түзүү үч этапта жүргүзүлөт:

2016-жылдын -1-2-кварталы- жалпы энергетикалык рынокту түзүү программасын иштеп чыгуу жана бекитүү, программанын иш чараларын 2018-жылдын 1-июлуна чейин аткаруу мөөнөтү менен;

-2019-жыл жалпы рынок түзүү жөнүндө эл аралык келишимди түзүү жана күчүнө кирүүсү

Газдын жалпы рыногун түзүү Программасы 2018-жылдын 1-январына чейин кабыл алынуусу тийиш, программаны ишке ашыруу -2014-жылдын 1-январына, 2015-жылдын 1-январынан кечиктирилбестен күчүнө кирет. Ушундай эле этаптар жана мөөнөттөр нефтинин жана нефти продуктыларынын жалпы рыногунун түзүлүү программасын ишке ашырууга да тиешелүү.

Транспорт тармагында 2016-2025 жылдар аралыгына транспорттук тейлөөнүн жалпы рыногун түзүү жана баскычтуу либералдаштыруу программасын ишке ашыруу иштелип чыгып ишке ашырыла баштады.

Программа мүчө-өлкөлөрдүн Биримдиктин бардык аймактарында, 2016-жылдын1-январынан тарта каботаждык” ташууларга, жүк ташуучу автомобиль транспорт кызматын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу