КР экономикасындагы кластердик өнүгүүнү методикалык жетекчиликке алуунун долбоору көрсөтүлдү

Новости
05-Январь 2016-ж.
1871

Кыргыз Республикасындагы аймактардын экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу максатында, ошондой эле КР 2013-2017-жылдар аралыгында ТӨУС ишке ашыруу максатында Өкмөттүн2015-жыл 19-август буйругу менен Ысык-Көл облусунун мисалында КР аймагында экономикалык тармактарды өнүктүрүүнүн кластердик негизинин методикалык негизин иштеп чыгуу үчүн ведомство аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Бүгүн Экономика министрлигинде КР аймагында экономикалык тармактарды өнүктүрүүнүн кластердик өнүгүүнүн Методикалык негизинин долбоорун көрсөтүү болуп өттү, ага Тоо кластери” Ассоциациасынын өкүлдөрү катышты.

Экономикалык тармактын кластердик өнүгүүсүнүн мындай методикалык көрсөтмөсү инфраструктуралык,тейлөө кызматынын, салыктык келип түшүүлөрдүн, ошондой эле жумушчу орундардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, методикалык көрсөтмө кластердик аныктаманы мыйзамдык бекитүүгө жол ачып, кластердик процесстердин ыкмаларын жана формаларын. принциптери регламенттөөнү /аныктоону, кластерлерди түзүү жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу негиздеринин уюштуруучулук-экономикалык незиздерин, кластердик иштердин өнүгүүсүн башкаруу механизмин аныктоого жол ачат.

Кластерлерди түзүүдө артыкчылыктуу мамиле баштапкы этапта координациялоочу ролду аткаруучу, ар түрдүү деңгээлдеги бийлик органдарына берилет: кластердин стратегиясын аныктоо, жалпы маселелерди чечүү үчүн, натыйжалуулук деңгээлин арттыруу үчүн, компанияны кластерлерди түзүүгө жана өнүктүрүүсүнө дем берүү сыяктуу координациялоочу роль ыйгарылат.

Кластердик саясатты алга жылдыруу фактору болуп:

-өндүрүштөгү аймактык жана өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу(реформанын жыйынтыгы, кластердин катышуучуларынын мотиациясы);

-кластерлердик өнүктүрүү программаларын түзүү, өлкөнүн/облустун/ жергиликтүү бийлик органдарынын стратегиясына тиешелүү бөлүмдөрдү киргизүү ;

-кластердин негизги катышуучуларынын ортосунда байланышты өнүктүрүү;

-мамлекеттик буюртмаларды кластерлерди колдоо инструменти катары активдүү пайдалануу.

Ошентип, өткөрүлгөн презентациянын жыйынтыгы боюнча болуп өткөн талкууну эске алуу менен иштеп чыгып көрсөтүлгөн ведомство аралык комиссиянын кеңешмесине алып чыгуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу