«Кыргызстан» павильону ата мекендик ишкерлерди колдоо үчүн аянтча болуусу керек

Новости
05-Январь 2016-ж.
1831

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин карамагына павильонду өткөрүп берүү -кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Москвага экономика министрлигинин адистери чыгып кетти.

Москва Өкмөтү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, Мамлекет аралык Макулдашууга болгон протоколго кошумча кол коюлгандан кийин ишке ашырыла тургандыгы белгилүү болду, ушуга байланыштуу учурда Экономика министрлиги тарабынан бардык тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Учурда павильон, Москва шаарынын маданий мурастарынын Департаментинин көзөмөлүндө өткөрүлүүчү, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөргө муктаж,

Оңдоп түзөтүүлөрдөн кийин павильонду пайдаланууга берилет. Павильондун иштөөсү Москва Өкмөтүнүн ЭЧЖКнын архитектуралык ансамблинин сактоонун талаптарына карай толук ишке ашырылат.

Павильонду пайдалануу Кыргыз Республикасы жөнүндө маалыматты көтөрүү, туристтерди агымынын көбөйүүсүнө жана инвестиция тартууга өлкөнүн кадыр баркын жогорулатуу максатында пайдаланылат.

Мындан тышкары, павильон бизнес-коомчулук үчүн расмий ишкер чөйрө үчүн КР ар түрдүү тармактарында жетишкен ийгиликтери жөнүндө презентациялоо менен аянтчага айлануусу керек.

Павильондун ишинин негизги багыттары болуп көрсөтмө-музейлик жана тарыхый –маданий мазмун түзүүчү иш чараларды уюштуруу менен улуттук даамдардын рестораны болуп эсептелет

Ошондой эле мамлекеттик жана улуттук майрамдарды өткөрүү менен, адабият жана кино кечелерин өткөрүү пландаштырылууда, анда павильондун коноктору кыргыз сүрөтчүлөрү менен жазуучуларынын чыгармачылыгы менен тааныша алышат.

Негизги көңүл туристтердин көңүлүн бурууга багытталган Кыргызстандан көрсөтүлгөн, туризмдин бардык түрүн көрсөтүүгө арналган экспозицияга арналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу