Жыйымдарды электрондук топтоонун Улуттук тутуму долбоорун ишке киргизүү натыйжалуу деп таанылды

Новости
05-Январь 2016-ж.
1908

2015-жылдын 6-январында жыйымдарды электрондук топтоонун Улуттук тутумун ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу алкагында, Экономика министрлигинде ведомство аралык жумушчу топтун жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү.

Министрдин орун басары Кылычбек Джакыпов катышуучуларды «HerbertSmithFreehills» эл арлык юридикалык компаниянын «KapschTrafficComAG» австриялык компаниянын Инвестициялык макулдашуусунун долбоорун экономикалык жана укуктук экспертиза жүргүзгөндүгү жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле, министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын эске алуу менен жана Долбоор боюнча тобокелчиликтерди балансташтырылган Инвестициялык макулдашуунун жаңы долбоорун сунуш кылды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча электрондук топтоонун Улуттук тутумун ишке киргизүү боюнча долбоорду максатка ылайыктуу жана натыйжалуу деп чечилип, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча Өкмөткө сунуш жөнөтүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу