Айрым ченемдерге тактоо киргизүү менен МЖӨ жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Новости
05-Январь 2016-ж.
1959

2015-жылдын 6-январында Жогорку Кеңештин депутаттары КРӨ 2015-жылдын 7-июлундагы токтому менен бекитилген, КР мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору каралып чыгып, биринчи окууда жактырылды.

Бул мыйзам долбоору МЖӨ долбоорлорун алга жылдыруу жана жол-жоболорун өркүндөтүү максатында бул мыйзамды эл аралык тажрыйбага ылайык колдонууну эсепке алуу менен иштелип чыккан.

Мындан тышкары, айрым ченемдерге тактоо киргизилүүдө, ал аркылуу МЖӨ концепциясын жана КР”МЖӨ жөнүндө” мыйзамына башта киргизилген механизмдерди инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүдө колдонууда натыйжасыз жана туура эмес колдонуудан качууга жол ачат.

Мыйзам долбоорунда, МЖӨ долбоорлорун демилгелөө жана верификациялоодо –алардын натыйжасында ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүгүнө баа берүү, тармактык приоритетке шайкеш келүүсү, Өкмөт үчүн жана жалпы МЖӨ тармагы үчүн бирдиктүү саясатты ишке ашырууда тобокелчиликтердин азыраак болуусу процессине тактык киргизүү каралган.

Бул мыйзамды даярдоодо мамлекеттик органдардын, МЖӨ тармагындагы улуттук жана эл аралык эксперттердин адистери талдоо жүргүзүштү

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу