Министр А. Кожошев бардык кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Новости
30-Январь 2016-ж.
2194

Кеңейтилген аппараттык жыйналыштын жүрүшүндө, КР Экономика министри өткөн жылдын жыйынтыктары жөнүндө жалпысынан жыл ийгиликтүү болду деп маалымат берди. ИДП нын оң өсүү темпин камсыз кыла алды. Бул көрсөткүчтөр Евразия экономикалык бирлигиндеги мамлекеттердин арасындагы макроэкономикалык жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. .Россия федерациясында бул көрсөткүч минус 3,7%, Белоруста минус 4% , Казакстан Республикасында 11айдын жыйынтыгы менен 1% өсүү болгон .

Жыл жыйынтыгы боюнча инфляция 4% түзөт (2014-жылдын декабрына карай)

Декабрдын акыркы числосунда Жогорку Кеңеште үч окуудан кийин үч бюджет кабыл алынды: 2014-жыл үчүн отчет, 2015-жыл үчүн тактоо жана 2016-жылдын бюджети.

2016-жылга карай макроэкономикалык көрсөткүчтөр өтө амбициялуу, бул жыл да оңой болбойт. Бул жетишкендиктерге жетишүү үчүн талыкпаган эмгек кылуу керек-деди министр.

Сөзүнүн аягында, экономика министри коллективди келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, биргелешип талыкпаган эмгектин натыйжасында гана министрликтин алдына коюлган тапшырмаларды аткарууга ишеничин билдирүү менен мурда башталган иштердин 2016-жылы ийгиликтүү улануусуна тилектештигин билдирди. Баарына ден-соолук, жаңы бийиктиктерди багынтаарына ишеним артты.

Андан ары, 2015-жылдын мыкты кызматкери” деген конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Мыкты устат” номинациясы боюнча:

Жумалиев Зайнидин Калидинович –Министрликтин Түндүк аймак аралык башкармалыгынын начальниги;

Байтикова Клара Турдакуновна – документациялык камсыздоо, контрол жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы .

Султанбаева Сайракуль Кочорбаевна – институционалдык өзгөрүүнү колдоо башкармалыгынын мамлекеттик органдарды баалоо тутумун методикалык камсыздоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Садабаева Тулеген Дюшеевич - отун газ жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы .

«эң мыкты жаш адистер» номинациясы :

Данияров Сардар Маматалиевич –Министрликтин Түштүк аймак аралык башкармалыгынын Ош шаардык бөлүмүнүн бөлүм башчысы

Алиев Мирзат Муратканович – Фискалдык саясат башкармалыгынын фискалдык тобокелчиликтерди талдоо жана баалоо бөлүмүнүн адаиси;

Базарова Гульзат Кучкаралиевна – АХиОО нун архивариусу;

Ким Ирину Вальеревну – макроэкономикалык саясат башкармалыгынын макроэкономикалык болжолдоо бөлүмүнүнүн башкы адиси

«Социалдык активдүү кызматкер» номинациясы боюнча:

Джумагулова Нурдин Санчибекович – техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын халал-индустрия секторунун башкы адиси

Турдиев Тахир Ширович- фискалдык саясат башкармалыгынын эл арлык салыктык мамилелер бөлүмүнүнү башчысы;

Иманкулова Жанна Сатовна – тышкы байланыштар жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүнүн башчысы;

БекбоевуЖазгуль Максымбековну – АХ иОО бөлүмү. Жетекчинин катчысы

В «Мыкты башкармалык » номинациясы боюнча :

Фискалдык саясат башкармалыгы

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу