31-декабрдан 2-январга чейин Түндүкэлектро” ААК авариялык кырдаал түзүлүүсүнө жол бербөө үчүн :
-майрамдык иш чаралар өткөрүлө турган жерлердеги электр камсыздандырууну ишенимдүү уюштуруу үчүн иш чараларды иштеп чыкты;
-майрамдык иш чаралар өткөрүлүүчү объекттерди электр менен камсыз кылуунун режимдик схемасын даярдады;
-электр өткөргүч линияларында жана электр жабдууларын оңдоп түзөөнү токтото турат, зарылчылыгына карай авариялык –калыбына келтирүү жумуштары гана жүргүзүлөт;
Майрам убагында электр тармактарында материалдардын кошумча запасы даярдалып, автотехника даяр турат. Жаңы жылдын алдында Түндүкэлектро”ААК жана акционердик коомдун Талас филиалынын жетекчи кызматкерлери нөөмөттө турат.