“Түндүкэлектро” ААК ачык акционердик коом стратегиясы иштелип чыгууда

Новости
30-Январь 2016-ж.
2032

Түндүкэлектро” ААК ачык акционердик коом стратегиясы иштелип чыгууда. Анын ичинде негиз катары 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы”, Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясы”, Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү”, Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү негизге алынган.

Стратегияны иштеп чыгуу Түндүкэлектро” ААК директорлор кеңешинин стратегиялык пландоо боюнча комитетинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө

Кезектеги кеңешмеде Директорлор кеңеши Түндүкэлектро” генералдык директоруна 2016-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө акционердик коомдун кыска , орто жана узак мөөнөттүү өнүгүү перспективаларын сунуштоону тапшырды.

Электр энергиясын жоготууларды төмөндөтүү боюнча техникалык жана экономикалык жактан негизделген иш чараларды тандоодо , ошондой эле каржылоо көлөмүн аныктоо жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн аныктоо үчүн электр тармактарын өнүктүрүүнүн иштелип чыккан жана бекитилген схемаларын пайдалануу зарыл

Мындан ары өнүгүүнүн артыкчылыктуу жагы болуп, өндүрүш фонддорун жаңылоо, алдыңкы технологияны ишке киргизүү болуп саналат.

Стратегиялык багыт болуп, натыйжалуулук жана персоналдардын квалификациялык деңгээлин жогорулатуу жана коопсуз эмгек шартын түзүү болуп эсептелет-деп тактап кетти Директорлор кеңешинин төрагасы Ражап Баялиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу