Түндүк аймагы боюнча негизги тамак аш продуктыларына болгон баанын өсүүсүнө жана төмөндөөсүнө таасир этүүчү факторлор

Новости
29-Январь 2016-ж.
2000

КР Экономика министрлигинин Түндүк аймак аралык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн талдоолорго ылайык, негизги тамак аш продуктыларына болгон баалардын динамикасы тышкы факторлордон көз каранды, тактап айтканда:

-өткөн жылдагы жагымдуу климаттык шарттар эгиндин мол түшүмүнө шарт түзүп, буудайдын баасына таасир этти . Түндүк аймактын бардык облустары боюнча буудайга болгон баа 18,5% төмөндөдү.

Түндүк аймактарда картошка айдоо аянттары кеңейтилип, ошондой эле жагымдуу климаттык шарттар 2015-жылы картошканын мол түшүмүн камсыз кылды анын натыйжасында картошкага болгон баа төмөндөп өткөн жылга караганда эки эсеге арзан болду.

Өткөн жылга салыштырмалуу этке болгон орточо баа 17% төмөндөдү. Этке болгон баанын түшүүсүнө жем жана чөптүн баасынын арзандыгы себеп болду. Эгерде 2014-жылы бир боо чөп 269.4 сомду түзсө, учурда бир боо чөп 115,6 сомду түзөт өткөн жылга салыштырмалуу Түндүк аймак боюнча чөптүн баасы 2,3 эсеге арзан

Ошону менен бирге өткөн жылгаи салыштырмалуу кумшекерге болгон баа бардык түндүк аймактары боюнча жогорулады , Талас облусунан башка. Баалардын орточо өсүүсү 107,9% түзүп 8% көтөрүлдү. Кумшекерге болгон баанын жогорулоосунун негизги себеби болуп, Кыргызстанга келүүчү кумшекердин 80% жакынкы жана алыскы чет өлкөдөн алынып келгендиктен доллардын курсунун жогорулоосу таасирин тийгизди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу