Ата мекендик ун тартуу ишканалары менен кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду

Новости
29-Январь 2016-ж.
1989

2015-жылдын 30-декабрында КР Экономика министрлигинде Арзыбек Кожошевдин КР ишкерлер Биримдигинин алдындагы ун тартуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү, жолугушуунун жүрүшүндө ун тартуу тармагында түзүлүп жаткан бүгүнкү күндөгү кырдаал талкууланып КР Экономика министрлиги, КР Өкмөтүнүн алдындагы монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын ишкерлер Биримдигинин ун тартуучулар комитети жана ун тартуу тармагындагы ата мекендик ишканалардын ортосундагы кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Бул Макулдашуу Кыргызстандын ички рыногунда буудай унуна болгон баанын негизсиз көтөрүүгө жол бербөөнү кароо менен, ошондой эле ун тартуучу тармактар өз алдына төмөнкүдөй милдеттенмелерди алды:

-1-сорттогу буудай унун рыноктогу буудайга болгон баага байланыштуу минималдык баа менен чыгаруу, ошондой эле дүң сатып алуучулардын арасында минималдык бааларды колдонуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Буудай жана ундун баасы кескин көтөрүлүп кетсе, баалар туруктуу болгонго чейин Бишкек жана Ош шаарларынын жана башка шаарлардын жана айыл аймактарынын мэриялары менен макулдашуу боюнча көчмө жарманкелерди уюштуруп туруу;

-3-класстагы жергиликтүү буудайды сатып алууга келишим түзүү;

-жумушчу орундарды сактоо жана ун тартуучу тармактагы ишканаларда өндүрүш көлөмүнүн өсүүсүн камсыз кылуу;

-атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашылган аракеттерге жол бербөө;

-баалардын жогорку деңгээлин, рынокту бөлүштүрүүнү жана башка атаандаштыкка каршы аракеттерди колдоо;

-2016-2020-жылдарга карай ун менен буудайдын баасынын өзгөрүү графигин сактоо.

Ун тартуу ишканаларын колдоо жана КР азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Экономика министрлиги ”Кыргыз Республикасынын КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору демилгеленген, анда 2020-жылдын 1-январына чейин буудайды импортоодо импортерлор тарабынан буудайды өздөрү кайра иштетүүсү үчүн КНС төлөмдөрүнөн бошотуу каралат(ТЭИТН 1001 товардык позициясы боюнча). Жогорку Кеңештин 3-окуусунда каралат.

Буудайды импортоочуларга бериле турган жеңилдик КР азык түлүк коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамды эске алуу менен берилип жаткандыгын белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу, буудайды импортоочулар КР Экономика министрлиги, МКЖА, КР ишкерлер бирлигинин ун тартуучулар Комитети жана ата-мекендик ун тартуучу ишканалар менен үч тараптуу Макулдашууга кол коюу зарыл. Б.а буудайды кайра иштетүүчүлөр бериле турган жеңилдиктерден жогорудагы Макулдашууга кол койбой туруп баш тартууга укуктуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу