“Чыгышэлектро” ААК жетим балдарга жардам көрсөттү

Новости
29-Январь 2016-ж.
2076

Жаңы жылдын алдында Чыгышэлектро” ААК Каракол” балдар үйүнүн балдарынын каалоосун ишке ашырды. Жаңы жыл бул балдардын жаңы жылдан укмуштарды күткөн, калоо тилектеринин орундалышын күткөн майрам.

2015-жылы менин периштем бол” долбоорунун алкагында Чыгышэлектро” ААК балдардын Аяз атага жазган каттары боюнча 55 миң сомго белектерди сатып алды жана Каракол” балдар үйүндөгү 31 балага периште болушту. Көпчүлүк балдар коньки, ролик, жумшак оюнчуктар, мектеп формасын каалаган, ошондуктан биз балдарга кичине болсо да үмүттүн шооласын бергенибизге кубанычтабыз.

Белгилей кетүүчү нерсе. Чыгышэлектро” ААК ар жыл сайын Ысык-Көл облусунун жетим балдарына демөөрчүлүк колдоо көрсөтүп келет.

Жаңы жылда ар бир бала бактылуу болсун!

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу