Экономика министрлиги: Экономиканы доллардын таасиринен ажыратуу боюнча чаралар жөнүндө

Новости
29-Январь 2016-ж.
1881

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода иштерин жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык тарифтердеги, баалардагы, прейскуранттардагы акча милдеттенмелери улуттук валютада берилиши керек.

Экономика министрлиги көрсөтүлгөн ченемди кыймылсыз мүлк агенттиктерине, автомобиль диллерлерине, ЖМК, интернет-провайдерлерге, авиакомпанияларга, жайларды ижарага берүүдө, мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө жайылтууну, КР Өкмөтүнүн көрсөтүлгөн токтомуна өзгөртүү киргизүү менен, сунуш кылат.

Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы”КР аймагында соода ишин жеңилдетүү жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү каралууда анда, сатуу сатып алуудагы өз ара эсептешүү менен бааларды көрсөтүүнү тариздөө улуттук валютада жүргүзүлүүсү каралат.

Токтом долбоору коомдук талкуу үчүн 2015-жылдын 22-декабрында жайгаштырылган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу