Казакстандын ДСУ на кирүүсүнө байланышкан, Кыргыз Республикасы кабыл алуучу чаралар

Новости
29-Январь 2016-ж.
1993

2015-жылдын 29-декабрында КР Экономика министрлигинде министрдин орун басары Кылычбек Джакыповдун жетекчилиги астында жана бир катар мамлекеттик органдардын катышуусу алдында (АЧММ, ВФКМИ, МБК жана МСК) КР бизнес-ассоциациясы менен кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө министрдин орун басары К. Джакыпов Казакстандын ДСУга кошулуусуна байланыштуу ЕАЭБ бажы аймагында товарларды жүгүртүү жана алып келүүнүн шарттары өзгөрө тургандыгы жөнүндө маалымат берди.

2015-жылдын30-ноябрынан тарта Казакстан ДСУнун 162-мүчөсү болуп калды, бул жөнүндө 2015-жылдын 15-18-декабрында Кениянын Найроби шаарындагы ДСУ нун Министер конференциясында жарыяланды.

Казак тараптын маалыматы боюнча Казакстан ДСУ нун алдындагы милдеттенмелеринин алкагында ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин ствкасынан айырмалануучу бажы пошлиналарын ставкасы колдонулуучу товарлардын тизмеси 2016-жылдын 1-январынан тарта колдонула баштайт.

Өз ичине 1347- товардык позицияны камтыган алып салуулардын Тизмеси 2015-жылы 14-октябрда №59 ЕЭК Кеңешинин Чечими менен бекитилген, жана бул чечим 2015-жылдын 16-октябрында ЕАЭБ өлкө башчылары кол койгон , ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды алып келүү жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө Протокол күчүнө киргенден тарта күчүнө кирет.

Алып салуулардын тизмесине төмөнкүдөй товардык позициялар камтылган: мисалы: эт жана субпродуктылар, шина, кагаз, кийим, бут кийим, куурлар, өнөр жайы үчүн жабдуулар, транспорт каржаттары, электрондук аппаратура ж.б 1347 товардык позиция боюнча Казакстан Республикасына алып келүүдө ЕАЭБ ББТ ставкасынан төмөн бажылык алымдар колдонулат, бирок, булардын баары Казакстандын ички рыногунда гана колдонулат.

Ошондой эле жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Экономика министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнүн начальниктери бизнес ассоциацияга Казакстандагы алып салуулардын тизмесине киргизилген товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүсүнө көрүлө турган чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Тактап айтканда, алдын ала билдирүүнүн тартиби, ДСУ нун алкагында алынып салууга жаткан товарлардын тизмеси жана тарифтик ставкалар жана Казакстан Республикасында ЕАЭБ дин талаптарынан айырмалануучу талаптар колдонулуучу товарларга убактылуу санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контрол киргизүү жөнүндө

Кеңешменин жыйынтыгында, бизнес ассоциацияларга Казакстандан Кыргызстанга бажы алымдарынын төмөндөтүлгөн ставкалары менен ташылып келүүчү товарларга жол бербөө, бул мыйзам бузууларды болтурбоого багытталган ЧУА долбоорлору, менен таанышуу сунуш кылынды, жана Казакстан Республикасы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин талаптарынан өзгөчөлөнүүчү талаптар колдонулуучу товарларга жана ал продукциялардан өндүрүлгөн товарларга карата убактылуу санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык контрол(көзөмөл)киргизүү тартиби жөнүндө ЖОБО менен таанышуу сунушталды.

ЧУА нын бул долбоорлору Өкмөттүн : www.gov.kg сайтында коомдук талкуу үчүн жайгаштырылган.

Мындан башка, Жогорку Евразиялык экономикалык Кеңештин 2015-жылдын 16-октябрындагы Чечими менен КР үчүн алып салуулардын тизмесин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү берилген, мурда бул 166 товардык позицияны түзгөн.

Ушуга байланыштуу, бизнес ассоциацияларга ЕАЭБ дин алкагында алып салуулардын тизмесин кеңейтүү боюнча өз сунуштарын берүү сунушу киргизилди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу