“Бишкекжылуулуктүйүндөрү” Бишкек шаарындагы кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөттү

Новости
03-Январь 2016-ж.
1927

Жаңы жылдын алдында Бишкекжылуулуктүйүндөрү” ААК Бишкек шаарындагы кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборуна материалдык жардам көрсөттү.

Бишкекжылуулуктүйүндөрү” ААК кызматкерлери тарабынан балдарга жаңы жылдык белектер тапшырылды. Мындан тышкары, жыл аралыгында жылытуучу тутумдарына жана ысык суу менен камсыз кылуу тутумдарын жөнгө салуу жана профилактикалык тейлөө жүргүзүлдү.

Реабилитациялык борбордун администрациясынын суранычы менен Бишкекжылуулуктүйүндөрү” ААК кызматкерлери тарабынан айрым куурларды алмаштыруу жана арматураларды алмаштыруу менен жылуулук пунктунун жабдууларына оңдоп түзөтүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жыл аралыгында реабилитациялык борбордун жылуулук менен камсыз кылууну жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Жер титирөөнүн кесепетинен 2015-жылдын 17-18-ноябрында Ош облусунун Кара –Суу жана Алай райондорунун тургундары жабыр тартышты, жер титирөөнүн кесепетинен 400 гө жакын үй жарактан чыккан. Бишкекжылуулуктүйүндөрү” ААК эмгек коллективи жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүү боюнча демилге көтөрүп эмгек акысынын эсебинен 131500.0 сом өлчөмүндө акчалай каражат жөнөтүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу