Президент Садыр Жапаров ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактар үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизүүгө багытталган мыйзамга кол койду

Новости
31-Декабрь 2025-ж.
148

Президент Садыр Жапаров «Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам менен ишкерлерге, юридикалык жана жеке жактар үчүн бир катар жеңилдиктер киргизилүүдө.

Бул мыйзам Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 5-декабрындагы
 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын негизги ченемдери:

  • зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жабдуулар, технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар үчүн кошумча нарк салыгы алынды;
  • 2029-жылдын 1-январына чейин транспорт каражаттарын сатууда юридикалык жана жеке жактар салык төлөөдөн бошотулду;
  • 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде транспорт каражаттарын кайра экспорттоо операцияларынан улам келип чыккан жеке жактардын салыктык карызын эсептен чыгаруу каралган;
  • Кыргыз Республикасынын ишканалары тарабынан өндүрүлгөн жана/же чогултулган транспорттук каражаттарды, ошондой эле аларга комплекттелген буюмдарды сатуудан салык төлөөдөн бошотуу каралган;
  • 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль өнөр жайында иштеген кызматкерлердин орточо айлык эмгек акысынан алынуучу киреше салыгынын минималдуу өлчөмү 1% өлчөмүндө белгиленди, ошондой эле бардык субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкалары киргизилди;
  • мүлкүн ижарага берген адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасы жеке ишкерлер үчүн белгиленген ставка менен теңдештирилди — орточо айлык акынын кыскартылган суммасынын 6%ы;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы ишмердүүлүк үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 0,1%га чейин төмөндөтүлдү (учурда — 1%);
  • чет мамлекеттин банкы аркылуу жүргүзүлгөн транзакцияга салыктын ставкасы 0,1%га чейин төмөндөтүлдү (учурда — 0,2%);
  • баалуу металлдан жасалган зер буюмдарынын мурда импорттолгон же өндүрүлгөн калдыктарын 2 айдын ичинде легалдаштыруу, ошондой эле бул мезгилде салык текшерүүлөрүнө мораторий киргизүү каралган;
  • алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия берүү алып салынды;
  • арбитраждык соттордун карамагынан салыктык талаштарды кароо алып салынды.

Мындан тышкары, Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди:

  1. Жаңы 295¹-берене киргизилип, зергерчилик буюмдары менен атайын эсепке турбай иш жүргүзүү үчүн жоопкерчилик белгиленди:
    • жеке жактар үчүн — 5 000 сом,
    • юридикалык жактар үчүн — 13 000 сом.
  2. 311-берене боюнча (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек арасынан мыйзамсыз өткөрүү) жоопкерчилик күчөтүлдү:
    • жеке жактар үчүн — 10 000 сомдон 20 000 сомго чейин,
    • юридикалык жактар үчүн — 28 000 сомдон 65 000 сомго чейин.

Жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер үчүн:

  • жеке жактар үчүн — 20 000 сомдон 40 000 сомго чейин,
  • юридикалык жактар үчүн — 65 000 сомдон 100 000 сомго чейин.

Кайталап бузуу болгон учурда товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо каралган.

Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Онлайн кайрылуу