Бүгүн, 30-декабрда, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрликтин жана ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн кызматкерлерин сыйлоо боюнча салтанаттуу азем болуп өттү. Иш-чара өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, жогорку кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүү эмгеги үчүн өткөрүлдү.
Кызматтык ишмердүүлүгүндө өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков сыйлыктарды тапшырып жатып, министрликтин жамаатына өзгөчө ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы дагы ыраазычылык билдиргендин маалымдап айтты. Министр өтүп бара жаткан жылы жетишилген жыйынтыктар ар бир кызматкердин жогорку жоопкерчилигинин жана ынтымактуу командалык ишинин аркасында мүмкүн болгонун белгиледи.
«Белгиленген темпти сактап, жыйынтыкка багыт алуу менен, жаңы жылыбызда да алдыга ишенимдүү кадам таштап, жаңы максаттарга жетип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аркылуу Кыргыз Республикасынын мындан аркы өнүгүүсүнө татыктуу салым кошо беребиз деп ишенем», — деп баса белгиледи министр.
Иш-чаранын соңунда Бакыт Сыдыков бардык кызматкерлерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, туруктуулук, кесиптик ийгиликтер жана үй-бүлөлүк жылуулук каалады.