Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин Жаңы жылдык куттуктоосу

Новости
29-Декабрь 2025-ж.
94

Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу кыргызстандыктар!

Сиздерди келе жаткан 2026-жыл менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Ар бириңиздерге бакыт-таалай, кубаныч жана ийгилик каалайм. Ар бир жараныбыз келечекке ишеним менен карап, мамлекетибизде туруктуулук менен гүлдөп-өнүгүү бекем орносун. Ар бирибиз койгон максаттарыбызга жетип, алдыда ийгиликтер гана болсун.

Акыркы төрт жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасы таасирдүү өсүштү көрсөтүп, бул негизги тармактардын комплекстүү өнүгүшүнүн жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жыйынтыгы болду.

Акыркы үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. 2025-жылы экономикалык активдүүлүк жогорку деңгээлде сакталып, 11 айдын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДПнын өсүшү 10,2 пайызга жетип, рекорддук көрсөткүч катталды.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргызстан реалдуу ИДПнын өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди.

Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин улуттук жана эл аралык деңгээлдеги аброюн бекемдөөгө өз салымын кошуп келе жаткан бардык жарандарга терең ыраазычылык билдирем.

Алдыңкы эл аралык рейтингдик агенттиктердин баалоосу боюнча, 2025-жылы Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги «B+» деңгээлине көтөрүлүп, бул мамлекетибиздин эл аралык кадыр-баркын жана инвестициялык жагымдуулугун арттырууда маанилүү кадам болду. Бардык көрсөткүчтөр экономикабыз туруктуу жана сапаттуу өсүү жолуна түшкөнүн айгинелеп турат. Бүгүнкү күндө бизде бекем финансылык база, туруктуу өнүгүү динамикасы жана келечекке болгон ишеним бар.

2026-жылы да бул системалуу жана ырааттуу ишти улантабыз. Негизги көңүл өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, инвесторлор жана ишкерлер үчүн оң ички чөйрөнү калыптандырууга, тышкы экономикалык байланыштарда көп уюлдуулукту илгерилетүүгө, фискалдык реформаны жүргүзүүгө, ошондой эле экологиялык туруктуулукту чыңдоого, климаттын глобалдык өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана анын кесепеттерин жумшартууга бурулат.

Биз Жаңы жылдын босогосунда турабыз — бул мезгил ар дайым жылуулукка, чын ыкластуу сезимдерге жана үмүткө толо болот. Бул майрам жаңы дем берип, тайманбас кадамдарга жана жакшылыкка үндөйт.

2026-жыл ийгиликтердин жана жетишкендиктердин жылы болуп, кубанычтуу окуяларды алып келсин. Ар бириңиздерге чың ден соолук, түгөнгүс энергия жана өлкөбүздүн өнүгүүсү менен элдин бакубатчылыгы үчүн талыкпаган эмгекке дем-күч каалайм.

Ар бир үйдө тынчтык, ынтымак, жылуулук жана береке орноп, Жаңы жыл мамлекетибизге туруктуулук, өнүгүү жана гүлдөп-өсүү алып келсин!

Урматтоо менен,
 Кыргыз Республикасынын
 Экономика жана коммерция министри

 Б. Т. Сыдыков

Онлайн кайрылуу