Бүгүн, 25-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында IV Элдик курултай өтүп жатат.
Президент өз кайрылуусунда 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн Улуттук программасынын негизги артыкчылыктарынын бири — чакан жана орто бизнести колдоо экенине кеңири токтолду. Анткени бул сектор экономикабыздын локомотиви катары кызмат кылып, жумуш орундарын түзүп, коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизин калыптандырат.
Мамлекеттин бардык аракеттери ар бир кыргыз жараны өз жеринде урмат-сыйда жашоосуна, үй-бүлөсүнүн жанында болуусуна, сүйгөн иши менен алектенүүсүнө жана өз колу менен келечек куруусуна багытталган. Демек, негизги максат — ар бир адам эртеңки күнүнө ишеним менен карап, өнүгүүгө, адал эмгектенүүгө жана татыктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү.
Бүгүн чакан жана орто бизнес экономикабыздын таянычына айланды. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бул сектор олуттуу өсүштү көрсөттү. Чакан жана орто ишкердик субъектилери тарабынан өндүрүлгөн кошумча дүң нарктын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46,4 пайызга өсүп, 641 млрд сомду түздү, ал эми анын ички дүң продукциядагы үлүшү 42,6 пайыздан 51,7 пайызга чейин жогорулады.
Чакан жана орто ишканалардын саны 12 пайызга өсүп, 20 миңге жетти. Ал эми аларда иштегендердин саны 5,3 пайызга көбөйүп, 617 миң адамды түздү. Бул көрсөткүчтөр — сиздердин эмгегиңиздердин, демилгеңиздердин жана ишенимиңиздердин жыйынтыгы.
Садыр Жапаров бизнес үчүн ыңгайлуу шарттар мындан ары да түзүлө берерин баса белгиледи.
«Ишкердик жүргүзүү үчүн ачык жана ылайыктуу эрежелер киргизилет, туруктуу финансылык колдоо көрсөтүлөт, негизсиз административдик тоскоолдуктардан корголот жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ар бир ишкерди — ал жаңыдан иш баштаган болобу же тажрыйбалуу ишкер болобу — мамлекет эч качан жалгыз калтырбайт жана ийгиликке жетүү жолунда ишенимдүү өнөктөш болот», — деди мамлекет башчы.
Президент айрым ишкерлер учурда ашыкча текшерүүлөргө дуушар болуп, айрым учурларда адилетсиздикке да туш келип жатканын билерин белгиледи.
«Мунун баарынан кабарым бар. Жаңы жылдык каникулдардан кийин күч түзүмдөрүнүн, салык органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн чогултуп, ачык жана конструктивдүү талкуу жүргүзүп, тиешелүү чечимдерди кабыл алам. Бизнеске олуттуу жеңилдиктер берилет», — деди Садыр Жапаров.