Бишкек шаарында Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин 14-жыйыны болуп өттү

Новости
26-Декабрь 2025-ж.
164

Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бириктирген Соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча кеңештин (СПЖК) 14-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын алкагында 2025-жыл үчүн СПЖКнын 2025–2027-жылдарга карата планынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары чыгарылып, ошондой эле Кыргыз Республикасында соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча мындан аркы иштин стратегиялык артыкчылыктары жана негизги багыттары аныкталды. Санариптештирүү, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана аймактык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн процедуралардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга, күтүү убактысын кыскартууга жана шарттарды жакшыртууга багытталган Кыргыз Республикасынын өткөрүү пункттарында электрондук кезек системасын киргизүү жөнүндө видеопрезентация көрсөтүлдү.

Жыйындын катышуучулары соода процедураларын жөнөкөйлөтүү жаатындагы негизги жетишкендиктерди жана актуалдуу чакырыктарды карашты. Атап айтканда, төмөнкү баяндамалар жана отчёттор угулду:

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын соода процедураларын санариптештирүү жана жөнөкөйлөтүү боюнча баяндамасы;
  • Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин эл аралык автомобиль ташуулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө баяндамасы;
  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин 2025–2027-жылдарга соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча планды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу баяндамасы;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин 2025-жылга карата СПЖК планынын ажырагыс бөлүгү катары фитосанитардык көзөмөлгө арналган баяндамасы;
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бирдиктүү терезе борбору» мамлекеттик ишканасынын соода процедураларын жөнөкөйлөтүү алкагында 2025-жылы аткарган иштери жөнүндө баяндамасы.

Мындан тышкары, GIZ долбоорунун жетекчисинин орун басары Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча улуттук комитеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү аркылуу аймактык демилгелерди, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасында ишке ашырылышын тааныштырды.

СПЖКнын отуруму мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын ортосундагы конструктивдүү диалогдун жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн ачык көрсөттү. Мындай өз ара аракеттенүү форматы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия аймагындагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча жалпы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт.

Онлайн кайрылуу