Бүгүн, 25-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында IV Элдик Курултай өтүүдө.
IV Элдик курултайдын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров онлайн режиминде бир катар жаңы ишканалардын ишин баштап берди. КР Экономика жана коммерция министрлиги бул жаңы ишканалар, ошондой эле 2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча өнөр жай тууралуу маалымат берет.
Негизги ири өнөр жай объекттеринин ачылышы
2025-жылдын 25-декабры
Чүй облусу боюнча
• "Металл Торг Сервис" ЖЧКсы ширетүүчү устундарды өндүрүү
• «Стандарт Фарм Групп» ЖЧК фармацевтикалык заводу
Баткен облусу
• «Мега Газоблок КейДжи» ЖЧК ишканасын ишке киргизүү - кубаттуулугу суткасына 1200 куб м., 120 жумушчу орун, инвестициянын көлөмү 1050,0 млн сом
• «Эл Пласт» ЖЧКсынын өндүрүшүн уюштуруу
2025-жылдын январь-ноябрь айларында 685,9 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлдү, физикалык көлөмдүн индекси 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 110,0 пайызды түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу өсүшү фармацевтикалык продукцияны өндүрүүнүн көлөмүнүн жогорулашы (1,9 эсеге) дары-дармек каражаттарын өндүрүүнүн өсүшү (2 эсеге), ошондой эле ветеринардык вакциналарды чыгаруунун өсүшү (37,0 пайызга) менен камсыздалды. Резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүүдө көлөмдүн көбөйүшү (34,5 пайызга) негизинен курулуш материалдарын өндүрүүнүн өсүшү (34,5 пайызга) менен камсыздалды. Цемент өндүрүү 34,1 пайызга, бетондон, гипстен жана цементтен жасалган буюмдарды өндүрүү 40,7 пайызга көбөйдү. Ошондой эле резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүү 35,4 пайызга өстү. Жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдө, полиграфиялык ишмердүүлүктө көлөмдүн жогорулашы (33,7 пайызга) полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукциясын өндүрүүнүн көбөйүшү (1,6 эсеге), ошондой эле жыгачты иштетүү жана жыгачтан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн көбөйүшү (13,3 пайызга) менен камсыздалды. Тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын өндүрүүнүн көбөйүшү (27,8 пайызга) алкоголсуз суусундуктарды чыгаруунун өсүшү (1,6 эсеге), макарон азыктарын (1,5 эсеге), жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү жана консервалоо (12,6 пайызга), ун жана круптарды (8,0 пайызга), нан жана кондитердик азыктарды (8,0 пайызга), өсүмдүк майларын жана майларды (6,5 пайызга), ошондой эле дистилденген алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү, спирттерди тазалоо жана аралаштыруу (16,1 пайызга) менен камсыздалды.
Химиялык продукцияны өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү (21,5 пайызга) негизинен боёкторду, лактарды жана ушул сыяктуу жабууларды өндүрүүнүн өсүшү менен камсыздалды (22,4 пайызга). Текстиль өндүрүшүндө жана кийим тигүү, бут кийим жана териден жасалган башка буюмдарды өндүрүүдөгү көлөмдүн өсүшү (9,6 пайызга) кийим тигүү өндүрүшүнүн көбөйүшү менен камсыздалды (15,8 пайызга). 2025-жылы жалпы инвестициясынын көлөмү 715,7 миллион АКШ долларына жакын 119 долбоор ишке киргизилди. Долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжасында 8 471 жаңы жумушчу орун түзүлдү.