2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү улуттук программасы так аткарылды

25-Декабрь 2025-ж.
49

Бүгүн, 25-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында IV Элдик Курултай өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаров курултайдын делегаттарына кайрылып жатып, 2021-жылы “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы” жөнүндө Жарлыкка кол койгондугуна токтолду.

Мамлекет башчы аталган программанын максаттары так аткарылгандыгын баса белгиледи. 

Ал тургай айрым көрсөткүчтөр боюнча пландан ашык иштер жасалды. 2024-жылы калктын жан башына карата ИДПнын көлөмү 2 513 АКШ долларына жетти, 2024-жылы жумушсуздук 3,7 пайызга чейин төмөндөдү, 2023-жылга салыштырмалуу 2024-жылы калктын жакырчылык деңгээли 4,1 пайыздык пунктка азайды.

Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. 

Кыргызстандын экономикасы туруктуу жана сапаттуу өсүү траекториясына түшкөнүн бардык көрсөткүчтөр күбөлөндүрөт. 

Президент "өлкөнүн бекем каржылык базасы, туруктуу динамикасы жана келечекке болгон ишеними бар" деп баса белгиледи.

«Эми баарыбыздын жалпы милдетибиз – ушул темпти жоготпоо, жетишкен натыйжаларды бекемдөө жана экономикалык өсүштүн жемишин ар бир жаран сезе тургандай учурга жеткирүү менен, келечекке бекем пайдубал түзүү болуш керек», - деп айтты Садыр Жапаров.  

Онлайн кайрылуу