Экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Азербайжандын соода өкүлү менен жолугушту

Новости
24-Декабрь 2025-ж.
186

Бүгүн, 24-декабрда, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов Азербайжан Республикасынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча соода өкүлү Самед Гасанов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылдын 8-декабрында Баку шаарында өткөн Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 6-жыйынынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча кийинки кадамдарды аныкташты. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, ошондой эле Азербайжан–Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн активдештирүү маселелерине көңүл бурулду.

Онлайн кайрылуу