2025-жылдын мыкты экспорттоочулары сыйланды

Новости
24-Декабрь 2025-ж.
157

2025-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу» улуттук конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды.

Конкурс экспортко багытталган мыкты компанияларды аныктоого жана сыйлоого, ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияны популяризациялоого жана аны чет өлкөлүк рынокторго жылдырууга багытталган.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, ошондой эле «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров куттуктоо сөздөрү менен чыгышты.

Мындан тышкары, иш-чарага конкурстун өнөктөштөрү — БУУнун Өнүктүрүү программасынын соодага көмөктөшүү долбоору жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Жалпысынан конкурска 78 арыз келип түшүп, аларды кароонун жыйынтыгында конкурстук комиссия тарабынан 10 номинация боюнча мыкты экспорттоочулар аныкталды.

Конкурстун жыйынтыгында тиешелүү номинациялар боюнча алдыңкы үч орунду ээлеген 30 жеңүүчүгө төмөнкү сертификаттар тапшырылды:

  • эл аралык сапат стандарттарын киргизүү;
  • Mini-MBA программасы боюнча окуудан өтүү;
  • чет өлкөлүк эл аралык көргөзмөлөргө акысыз катышуу;
  • ошондой эле АКШнын Силикон өрөөнүнө жолдомо.

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасынын соодага көмөктөшүү долбоорунун, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ), Жогорку технологиялар паркынын, ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун, «Элдик Банк» ААКсынын жана «Альфа Телеком» ЖАКсынын (MegaCom) активдүү колдоосу менен өттү.

Конкурстун жыйынтыгында номинациялар боюнча биринчи орундарды төмөнкү компаниялар ээледи:

  • Тамак-аш кайра иштетүү боюнча мыкты экспорттоочу — «Куликовский кондитердик үйү» ЖЧКсы;
  • Айыл чарба продукциясын мыкты экспорттоочу — «Дан Агро Продукты» ЖЧКсы;
  • Текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн мыкты экспорттоочусу — «Куул Групп» ЖЧКсы;
  • Өнөр жай продукциясын мыкты экспорттоочу — «Кант ТШП» ЖЧКсы;
  • Кызмат көрсөтүү жана IT чөйрөсүндөгү мыкты экспорттоочу — «Мэд Девс» ЖЧКсы;
  • Эл аралык стандарттарды киргизген мыкты экспорттоочу — «Кыргызцентрпродукт» ЖЧКсы;
  • Жылдын ийгилиги — «Агро Индустрия» ЖЧКсы;
  • Чакан жана орто бизнестин мыкты экспорттоочусу — «Дары Тянь-Шаня» ЖЧКсы;
  • Мыкты аймактык экспорттоочу — «Талас-Дыйкан» ЖЧКсы;
  • Аял-экспорттоочу — «РАИМА» ЖЧКсы.
Онлайн кайрылуу