Бүгүн, 24-декабрда, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчилиги ведомстволук мекемелердин жетекчилери менен биргеликте IV Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө делегаттар экономиканын ар түрдүү тармактарын камтыган бир катар маселелерди көтөрүштү. Айрыкча чакан жана орто бизнести колдоо, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү, мамлекеттик чек арадан өтүү маселелери, ата мекендик продукцияны сатуу жана башка актуалдуу темалар талкууланды.
Тактап айтканда, Ысык-Көл облусунун Тон районунан келген делегат Эрмек Шамырканов туристтик этношаар куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн курулуш материалдары түрүндө колдоо көрсөтүүнү сунуштады. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар объекттерди өз күчү менен куруп, андан ары туристтик кызматтарды көрсөтүүгө даяр, бирок курулуш материалдарын сатып алууга каражат жетишсиз болууда.
Баткен облусунун Кадамжай районунан келген делегат жаңыдан ишин баштаган ишкерлерге жеңилдиктерди берүү маселесин кароону сунуш кылды. Ал эми Ош облусунун Ноокат районунан келген делегат кол өнөрчүлөрдү колдоо, алардын продукциясын сатууга көмөк көрсөтүү жана жүндү кайра иштетүүчү ишкана ачуу демилгесин көтөрдү.
Жолугушууда бардык жазуу жүзүндөгү кайрылуулар Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан кабыл алынды. Ар бир кайрылуу дыкат каралып, делегаттарга милдеттүү түрдө расмий жооп берилери белгиленди. Көтөрүлгөн бир да маселе көңүл сыртында калбайт.