Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте 2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында өтө турган B5+1 форуму (Бизнес Борбордук Азия – Америка Кошмо Штаттары) тууралуу маалымдайт.
B5+1 форуму C5+1 (Борбордук Азия – Америка Кошмо Штаттары) дипломатиялык форматынын алкагындагы негизги бизнес-платформа болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте өткөрүлөт.
Форумга Борбордук Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы аймактык диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жеке сектордун, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат.
Катталуунун биринчи этабы 2025-жылдын 26-декабрында, ал эми акыркы этабы 2026-жылдын 15-январында аяктайт. Катталуу катышууну тастыктабайт. Расмий тастыктоолор арыздар каралып бүткөндөн кийин 2026-жылдын январь айынын аягына чейин жөнөтүлөт.
Форум тууралуу толук маалыматты CIPEнин расмий сайтынан алууга болот:
https://www.cipe.org/projects/b51-forum/