ЕАЭБ курулушта кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун кеңейтүүдө

Новости
24-Декабрь 2025-ж.
89

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши 21-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн жыйынында курулуш тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун андан ары өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин топтомун бекитти. Курулуш долбоорлорун башкаруу жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн 14 секторун камтыган жана башкы подряддык жана башкы долбоордук иштерди кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун (ККБР) принциптерине этап-этабы менен өткөрүүнү караган төрт либералдаштыруу планы кабыл алынды.

Жол карталарын ишке ашыруу ККБР режимин өнөр жай, коммерциялык, айыл чарба жана турак жай багытындагы курулуш объектилерине, ошондой эле автомобиль жолдорун, темир жолдорду, энергетикалык, инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилерди курууга жайылтууга мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБ мамлекеттеринин курулуш компанияларына кошумча юридикалык жактарды түзүү зарылчылыгы жок эле, каттоодон өткөн өлкөдө алынган уруксат берүүчү жана квалификациялык документтерди өз ара таануу менен Союздун бардык аймагында иш алып барууга шарт түзөт.

Кеп бизнести жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөтүү жөнүндө гана эмес, ошондой эле ишкердик активдүүлүктүн өсүшү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө болуп жатат. Курулуш чөйрөсүн жөнгө салууга болгон мамилелерди жакындаштыруу чыгымдарды азайтууга жана долбоорлорду ишке ашыруунун наркын оптималдаштырууга мүмкүндүк берип, бүткүл евразиялык мейкиндикте курулуш комплексине өнүгүү үчүн кошумча түрткү берет.

Онлайн кайрылуу