ЕАЭБтин Жогорку кеңеши туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти

Новости
24-Декабрь 2025-ж.
86

Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык союзунда туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти. Бул концепция тармактын стратегиялык багыттарын, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Союзга мүчө мамлекеттердин ортосундагы туристтик сапарларды көбөйтүү боюнча чараларды аныктайт.

Концепция биргелешкен туристтик продуктуларды түзүүнү, евразиялык маршруттарды өнүктүрүүнү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ички жана тышкы рыноктордо маалымдуулукту жогорулатууну карайт. Ошондой эле Союздун порталында туризм боюнча атайын бөлүмдү ишке киргизүү пландалууда.

Туризм экономикалык өсүштүн жана жумуштуулуктун маанилүү фактору болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк туризм жана саякат кеңешинин маалыматы боюнча, 2024-жылы бул тармак дүйнөлүк ИДПнын болжол менен 10 %ын камсыздап, ар бир онунчу жумуш ордунун булагы болуп калды. ЕАЭБ өлкөлөрүндө туризмдин ИДПдагы үлүшү болжол менен 3 %ды түзөт, бул анын өнүгүү үчүн жогорку потенциалы бар экенин көрсөтөт.

Концепцияны ишке ашыруу өз ара туристтик агымды көбөйтүүгө, туристтик тармактын экономикага кошкон салымын жогорулатууга жана Союзга мүчө мамлекеттерде инфраструктуранын жана жумуштуулуктун өнүгүшүнө түрткү берет.

Онлайн кайрылуу