Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы (МКМИ) тарабынан 2015-жыл үчүн 849-текшерүү жүргүзүлдү, анын ичинен 563 мыйзам бузуу аныкталып, 66,31% түздү

Новости
03-Январь 2016-ж.
1986

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын милдеттүү аткарылуусун сактоого мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырууну текшерүүлөрдү жүргүзүү, кетирилген кемчиликтерди милдеттүү түрдө жоюу боюнча билдирмелерди берүү ,КР мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык, ыйгарым укуктун чегинде административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүнү ишке ашыруу жөнүндө маалымат берет.

Ошентип, 2015-жыл үчүн:

-849 текшерүү жүргүзүлүп анын ичинен 563 мыйзам бузуу катталган, бул 66,31% түзөт.

Анын ичинен:

-мамлекеттик ишканалардын 208объекттин ичинен ,143 мыйзам бузууга барган, бул (68,75% ) түздү.

-ишкер субъекттерден 641- объекттин ичинен 420 мыйзам бузуп 65,52% түзгөн

616000 сом суммасындагы айып пул төлөтүү үчүн 105 токтом чыгарылды.

Анын ичинен 849-текшерүүнүн ичинен акыркы 10 жыл үчүн метрологиялык көзөмөлгө алынганы: -547 объекттин ичинен, 382 объектте мыйзам бузуулар ачыкка чыгып, 70% түзгөн. Экинчи жолу текшерүү жүргүзүлгөн: 302 объекттин ичинен, 176 объектте мыйзам бузуулар ачыкка чыгып, 58,30% түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу