ЕАЭБ алкагында Индонезия менен эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду

Новости
24-Декабрь 2025-ж.
109

2025-жылдын 21-декабрында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагында Евразия экономикалык биримдиги жана анын мүчө мамлекеттери бир тараптан жана Индонезия Республикасы экинчи тараптан эркин соода жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

Кыргыз Республикасынан документке Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев кол койду. 

Макулдашууну даярдоо жана түзүү 2022-жылдын декабрь айында башталган.

Индонезия менен преференциалдык соода макулдашуусуна кол коюу экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана ата мекендик товарлардын Индонезия рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн олуттуу шарттарды түзөт, бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө оң таасирин тийгизет. 

Жаңы соода режиминин алкагында Индонезия тарабынан товардык номенклатуранын 90%га карата преференциялар берилген. Сооданы либералдаштыруунун натыйжасында Индонезиянын ЕАЭБ товарларына карата колдонгон бажы алымдарынын орточо салмактанып алынган деңгээли беш эсеге - 10,2%дан 2%га чейин төмөндөйт.

Бул тизмеге ири мүйүздүү малдын эти, кой эти, тоңдурулган балык, сүт азыктары, жашылчалар, жемиштер, минералдык суулар, ширелер, ошондой эле жеңил өнөр жай буюмдары, тиричилик техникасы, электротехникалык продукциялар жана башка көптөгөн маанилүү товарлар кирди. Бул ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө жана Индонезиянын динамикалуу өнүгүп жаткан рыногуна чыгууга мүмкүндүк берип, жаңы келечектерди ачат. Преференциялар Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон тармактарды камтыйт: айыл чарбасы, тамак-аш өнөр жайы, курулуш материалдарын өндүрүү, жеңил өнөр жайы, химиялык продукция жана электротехника, бул бул тармактардын өнүгүшүнө жана модернизацияланышына өбөлгө түзөт. 

Ошол эле учурда, келишимде 141 товардык позицияга карата өзгөчөлүктөр каралган, бул экономиканын эң аялуу секторлорун коргоону сактоого жана импорттун кескин көбөйүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Индонезия тарабынан кыргыз товарларына болгон бажы алымдарынын орточо деңгээли 11%га төмөндөтүлдү, ал эми айрым позициялар боюнча алымдардын ставкалары толугу менен алынып салынды, бул биздин товарлардын рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бир топ жогорулатат. Мындан тышкары, келишимде тараптардын сооданын бартердик механизмдерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген жоболор камтылган, бул акча каражаттарын колдонбостон соода операцияларынын практикасын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, бул валюта курстарынын өзгөрүшүнө, ликвиддүүлүктүн жетишсиздигине жана төлөмдөрдү жүргүзүүгө чектөөлөргө байланыштуу тобокелдиктерди азайтат. 

Ошол эле учурда тарифтик преференцияларды алуу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында келишимде экономикалык операторлорго административдик жүктү азайтуу жана жеткирилген товарлардын келип чыгышын тастыктоого байланыштуу процесстерди санариптештирүү боюнча чаралар каралган.

Онлайн кайрылуу