2025-жылдын 18–20-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Борбордук Азия + Япония» диалогунун биринчи саммитине жана «Борбордук Азия + Япония» бизнес-форумуна катышуу үчүн Японияга болгон жумушчу сапарына катышты.
Сапардын алкагында министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салыктан качуунун жана баш тартуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
Бул Макулдашуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы салыктык мамилелерди жөнгө салууга багытталган болуп, ар бир мамлекетке кирешенин айрым түрлөрүнө салык салуу укугун бекитет, ошондой эле кош салык салууну жоюу жаатында белгилүү кепилдиктерди камсыз кылат.
Мындан тышкары, Макулдашуу өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүп, республиканын экономикасына түз чет элдик инвестицияларды тартууга көмөктөшөт.
Ошондой эле «Борбордук Азия + Япония» бизнес-форумунун алкагында министр Бакыт Сыдыков жана Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюмунун (ДЖЕТРО) төрагасы жана башкы директору Ишигуро Норихико Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун («Кыргыз Экспорт») дараметин өнүктүрүү боюнча Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (ДЖЕТРО) менен кызматташтыкта ишке ашырылуучу иш-аракеттер планын алмашышты.
Бул документ 2024-жылдын 10-августунда Астана шаарында кол коюлган «Кыргыз Экспорт» борбору менен Япониянын тышкы сооданы өнүктүрүү уюмунун (ДЖЕТРО) ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумду иш жүзүнө ашыруу максатында кол коюлду.
Мындан тышкары, сапардын алкагында тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосунда соода, экономика, маданият жана адам ресурстарын алмашуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү тууралуу макулдашышты.