Кыргызстан менен Кытай курулуш материалдары боюнча түз байланыштарды түзүүдө: Үрүмчүдө бизнес-жолугушуу өттү

Новости
19-Декабрь 2025-ж.
237

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы соода өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен биргеликте Үрүмчү шаарында кыргыз жана кытай компанияларынын ортосунда курулуш материалдары жаатында түз байланыштарды түзүүгө багытталган иш-чара уюштурду. 

Иш-чарага түз жеткирүү каналдарын түзүүгө жана колдонулган материалдардын сапатын жогорулатууга кызыкдар болгон 30дан ашык ири кыргыз курулуш жана өнүктүрүү компанияларынын өкүлдөрү катышты. Кытай тараптан иш-чарага Үрүмчү шаарынан 70тен ашык курулуш материалдарын жана комплекстөөчү тетиктерди өндүрүүчүлөр катышты. 

Иш-чаранын максаты түз диалог үчүн эффективдүү аянтча түзүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү, техникалык мүнөздөмөлөрдү, стандарттарды жана логистикалык схемаларды талкуулоо болду. Эки өлкөнүн бизнес-коомчулуктарынын ортосунда түз байланыштарды түзүү Кыргыз Республикасынын курулуш тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана технологиялык жаңыланууга өбөлгө түзүүгө багытталган. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы соода өкүлчүлүгү тарабынан ыйгарым укук берилген «Кыргыз-Кытай (ШУАР) соода-экономикалык кызматташтык борборунун» ишмердүүлүгүнүн алкагында өттү. Борбордун ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлөт.

Онлайн кайрылуу