Өсүү чекиттерин мастер-пландаштыруунун улуттук методологиясы боюнча биринчи адистер даярдалды

Новости
19-Декабрь 2025-ж.
248

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен министрликтин кызматкерлери жана бардык облустардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн үч күндүк практикалык тренинг өткөрдү. Тренинг аймактык өнүгүүгө заманбап мамилени калыптандырууга, аймактарды талдоодон жана өнүгүү концепциясын түзүүдөн баштап, долбоордук чечимдерди даярдоого жана маалыматтар менен иштөөгө чейин мастер-пландаштыруунун негизги аспектилери боюнча даярдоого багытталган. Тренинг практикалык тапшырмаларды, кейстерди жана эл аралык ыкмаларды талкуулоону камтыды.

КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов өз сөзүндө «региондорду натыйжалуу өнүктүрүү үчүн өзүнүн кесиптик потенциалы зарыл» деп белгиледи. Анын айтымында, жаңы методология жана адистерди окутуу аймактарды өнүктүрүүнү башкаруунун заманбап инструменттерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын КРдагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва «Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы өлкөнүн туруктуу өсүшүнүн негизи катары аймактык өнүгүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт» деп белгиледи.

Тренингдин алкагында катышуучуларга окуу-методикалык материалдардын даярдалган комплекстери, анын ичинде программа, презентациялык материалдар, практикалык кейстер жана баалоо формалары берилди. Тренингдин жыйынтыгы боюнча компетенцияларды мындан ары чыңдоо боюнча сунуштар менен отчет түзүлдү. 

Окутуу Кыргызстанда шаарлардын жана айыл аймактарынын туруктуу жана тең салмактуу өнүгүү куралы катары мастер-пландарды киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү эксперттик базаны түзүүнүн маанилүү этабы болуп калды. Экономика жана коммерция министрлиги менен БУУӨП аймактык пландоонун сапатын жана башкаруу чечимдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантат. Бул демилге "Россия менен БУУӨПтүн өнөктөштүгүнүн алкагында билимди башкаруу жана потенциалды жогорулатуу" (III фаза) долбоорунун алкагында уюштурулду.

Онлайн кайрылуу