2025-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 113 токтому менен Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленген.
Камсыздандыруу тармагы Кыргыз Республикасынын экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири болуп саналат. Улуттук камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы кабыл алынган.
Министрдин орун басары Б. Нурланова белгилегендей, «акыркы бир нече жылдын ичинде Кыргызстанда камсыздандыруу тармагы тездик менен өнүгүүдө. Камсыздандыруу рыногу менен мамлекеттик органдардын тыгыз өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле камсыздандырууну өнүктүрүү боюнча өз убагында жана натыйжалуу чаралардын кабыл алынышы оң жыйынтыктарга жетишүүгө өбөлгө түздү. Бүгүнкү күндө камсыздандыруу портфелинин көлөмү мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге өстү. Мисалы, автотранспорт каражаттарынын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) боюнча камсыздандыруунун камтылышы 60 %га, ал эми турак жайды камсыздандыруу 30 %дан ашты», — деп белгиледи Б. Нурланова.
Ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу түрлөрү менен катар ыктыярдуу камсыздандыруунун башка түрлөрү боюнча да потенциалдын олуттуу өсүшү байкалууда. Эл аралык кызматташтыктын алкагында финансы институттары жана камсыздандыруу контрагенттери менен өз ара аракеттенүү өнүгүүнүн жаңы, алдыңкы деңгээлине чыкты.
Андан соң өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн камсыздандыруу тармагынын кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү.