Кыргызстан менен Ооганстан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Новости
18-Декабрь 2025-ж.
139

2025-жылдын 17-декабрында Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ооганстандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулап, өз ара товар жүгүртүүнүн өсүү динамикасын, ошондой эле аны мындан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгилешти.

Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, ошондой эле банктык кызматташууну кеңейтүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үзгүлтүксүз диалогду колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешип, Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Онлайн кайрылуу