2025-жылдын январь- ноябрь айларына карата Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө кыскача экспресс маалымат

Новости
17-Декабрь 2025-ж.
301

2025-жылдын башынан бери туруктуу экономикалык өсүш сакталууда. Өлкөдөгү жогорку экономикалык активдүүлүк жеке каржылоонун, ошондой эле бюджеттин каражаттарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын өсүшү, ошондой эле калктын кирешесинин өсүшүнүн эсебинен ички суроо-талаптын жогорулашы менен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча 2025-жылдын январь- ноябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү (мындан ары - ИДП) 1 628,6 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 110,2 %ды (2024-жылдын январь-ноябрында – 109,7 %) түздү. 

Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болду: өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү 10,2 %га, тейлөө чөйрөсүндө – 8,9 %га, курулушта – 29,0 %га, айыл чарбасында – 2,0 %га өскөн. 

Экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында номиналдык ИДПнын түзүмүндө товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 35,3 % ды, ал эми кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 49,3 % ды түздү.

Өнөр жай. 2025-жылдын январь-ноябрь айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 686,0 млрд сом суммасында дүң продукция өндүрүлгөн. Өндүрүштүн көлөмү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,0 %га өстү (2024-жылдын январь-ноябрь айларында – 4,6 %га өскөн). Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 119,6 %га жогорулады.   

Өнөр жай өндүрүшүнүн 2024-жылдын январь-ноябрына   салыштырмалуу өсүшү фармацевтикалык продукциялардын (1,9 эсеге), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (34,5 %га), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (33,7 %га), тамак-аш   азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (27,8 %га), химиялык продукциялардын (21,5 %га), текстиль өндүрүшүнүн, кийим-кече өндүрүүнүн көлөмүнүн (9,6 %га), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (15,3 %га) көбөйүшү  менен камсыздалды. 

Ошону менен бирге, негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн (1,5 %га) төмөндөшү белгиленди.

Электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмүнүн жогорулашы электр энергияны өндүрүүнүн өсүшү (8,1 %га) менен камсыздалды.

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуунун көлөмүнүн көбөйүшү негизинен  сууну чогултуу, иштетүү жана бөлүштүрүүнүн өсүшү (23,3 %га)  менен камсыздалды.

Өнөр жай өндүрүшүнүн ИДПны түзүүдөгү салымы 1,70  пайыздык пунктту түздү. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө өнөр жай тармагынын үлүшү 17,8 %ды түздү.

Айыл чарба. 2025-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 437,6 млрд сом суммасында өндүрүлгөн. 2024-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине карата реалдуу өсүш темпи 102,0% ды түздү. Айыл чарбасынын, токой чарбасынын жана балык уулоочулуктун дүң продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 2024-жылдын январь – ноябрына салыштырмалуу өсүмдүк продукциясы катары өндүрүштүн 0,4% га көбөйүшү жүгөрү өндүрүшүнүн 5,2% га, мөмө – жемиштер – 13,7% га, бакча өсүмдүктөрү – 7,0% га, жашылчалар – 12,2% га, ошондой эле жумуртка 8,7% га, сүт-3,0% га жана эт-3,2% га көбөйүшүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Учурда республиканын аймагында талаа иштери аяктап жатат. Дан өсүмдүктөрүн жыйноо аянты 1,5 % га көбөйүп, 602,5 миң гектарды түздү. Жүгөрүнүн дүң жыйымы 801,7 миң тоннаны түздү жана 7,9% га көбөйдү, мында түшүмдүүлүк 74,2 ц/га жогорулады.күрүчтүн дүң жыйымы 57,7 миң тоннаны түзүп, 17,0% га өстү. Жашылча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 1 263,4 миң тоннаны түздү жана 11,6% га көбөйдү, бакча өсүмдүктөрү – 292,4 миң тонна жана 5,4% га көбөйдү, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 388,6 миң тонна жана 12,6% га көбөйдү.

Ошол эле учурда бир катар айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча дүң жыйымдын төмөндөшү байкалууда. Буудайдын дүң жыйымы 515,5 миң тоннаны түздү жана 26,5% га, арпа – 474,1 миң тоннага төмөндөдү жана 26,7% га төмөндөдү. Ошондой эле өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу буурчак өсүмдүктөрү боюнча дүң жыйымдын 6,5% га, май өсүмдүктөрү боюнча – 11,2% га жана кант кызылчасы боюнча – 25,4% га төмөндөшү катталды.

Түшүмдүн кескин азайышынын негизги себеби аба ырайынын жагымсыз шарттары болгон. Май-июль айларынын аралыгында агрардык аймактарда жаан-чачындын тартыштыгы байкалып, абанын температурасы 37-39,5 га жетип, топурактын температурасы 65-69,6га чейин көтөрүлдү.7-10 күндүн ичинде топурактын температурасы 40 метрден ашты, бул көпчүлүк өсүмдүктөр үчүн стресстик шарттарды түзүп, нымдуулуктун төмөндөшүнө жана өсүмдүктөрдүн өсүшүнүн начарлашына алып келди. Жайдын ортосунда катталган жергиликтүү нөшөр жана мөндүр кошумча терс таасирин тийгизди.

Ошону менен бирге август жана октябрь айларында аба ырайы жакшырып, түшүм жыйноону демейдегиден 7-10 күн эрте баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эрте жана бир калыпта бышуу продукциянын сапатын жакшыртты: буудай бир калыпта бышып, глютендин жогорку мазмуну менен айырмаланды, бул анын сапаттык көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизди.

ИДПны түзүүгө айыл чарба өндүрүшү тарабынан салым 0,19 проценттик пунктту түздү. ИДПны өндүрүүнүн түзүмүндө айыл чарбасынын салыштырма салмагы 8,9 % ды түздү.

Курулуш. 2025-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 18,1 %га өстү (2024-жылдын январь-ноябрында 45,6 %га өскөн).

2024-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү каржылоонун ички булактарынын 18,2 %га жана тышкы булактарынын 17,5 %га сүшүнүн эсебинен камсыздалды.

2025-жылдын январь-ноябрында инвестициялардын негизги көлөмү (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 82,3 %ы) пайдалуу кендерди казуу, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), иштетүү өндүрүшү, билим  берүү объекттеринин курулушуна, ошондой эле турак жай курулушуна багытталды

Экономиканын капиталдаштыруунун олуттуу өсүшү төмөнкү факторлор менен шартталган: 

  • “Менин үйүм” программасынын алкагында турак жай курулушунун көлөмү кыйла көбөйдү: 11 айдын ичинде 4662 батирдин курулушу аяктады;
  • байланыш тармактарын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестициялардын көбөйүшү, анын ичинде мобилдик байланыш операторлору – ЖАК «Альфа Телеком» (MegaCom бренди) жана ЖЧК «Нур Телеком» (О! бренди) тарабынан жаңы базалык станцияларды куруу, мында көрсөткүчтүн өсүшү 19,2 % түздү;
  • билим берүү объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү (өсүш 18,3 % болгон);
  • Бишкек жана Ош шаардык мэриясы тарабынан шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө капиталдык салымдардын көбөйүшү;
  • спорт объектилерин курууга инвестициялардын көлөмүнүн көбөйүшү;
  • өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүгө болгон инвестициялардын өсүшү.

Экономиканы капиталдаштыруунун көлөмүнө жараша, 2025-жылдын январь-ноябрында курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 318,9 млрд сомду түзүп, 29,0 %га көбөйдү (2024-жылдын январь-ноябрында өсүш 31,2 % болгон). 

Курулуш секторунан ИДПга оң салым 2,13 пайыздык пунктка бааланат. ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө курулуштун үлүшү 8,6  %ды түздү.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПнын структурасында үстөмдүк кылуучу абалды ээлеп, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошууну улантууда. 2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң продукциясынын көлөмү 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1 236 млрд сомду түзүп, 9,3%га өскөн.

Калктын акчалай кирешелеринин көбөйүшү (2025-жылдын январь-ноябрь айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 19,2 %га өскөн; 2025-жылдын январь-ноябрь айларында пенсиянын орточо өлчөмү 5,8%га көбөйгөн), керектөө насыяларынын көлөмүнүн өсүшү (2025-жылдын январь-октябрь айларында 68,2 %га өскөн) ички суроо-талаптын бекемделишине өбөлгө түзгөн. Натыйжада, 2025-жылдын январь-ноябрь айларында дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү 15,1 %га көбөйүп, 429,2 млрд сомду түзгөн. Дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жүгүртүүсүнүн 2024-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу көбөйүшү, негизинен, чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү (16,9 %га) менен камсыздалган.

2025-жылдын январь-ноябрь айларында транспорттук ишмердүүлүк жана жүктөрдү сактоо кызматтарынын көлөмү 112,7 млрд сомду түзүп, 10,0 %га өскөн. Транспорттун бардык түрлөрү менен 54,4 млн тонна жүк (2024-жылдын январь-ноябрь айларынын деңгээлине салыштырмалуу 11,9 %га өсүш), ошондой эле 603,5 млн жүргүнчү (4,1 %га өсүш) ташылган.

2025-жылдын январь-ноябрь айларында мекемелер жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу                     15,9 %га көбөйүп, 57,5 млрд сомду түзгөн.

Отчеттук мезгилде маалымат жана байланыш кызматтарынын дүң көлөмү 56,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 106,1% болгон.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн ИДПны түзүүгө кошкон салымы 4,56 %дык пункт деңгээлинде бааланып, ИДПнын өндүрүш структурасындагы үлүшү 49,3%ды түзгөн.

Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 108,3 %ды түздү (2025-жылдын ноябры мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу). Инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү (2025-жылдын январь–ноябры 2024-жылдын январь–ноябрына салыштырмалуу) 108,1 %ды түздү.

            Керектөө бааларынын өсүшүнө негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту, алардын баалары 8,9 %га жогорулап, жалпы инфляцияга 4,04 пайыздык пункт өлчөмүндө таасир этти, анын ичинде:

           - “Нан азыктары жана дан азыктары” товардык тобу – баалар 3,2 %га өстү (таасири 0,54 п.п.), бул негизинен негизги жеткирүүчү болгон Казакстанда дан эгиндеринин баасынын жогорулашы, күйүүчү майдын жана электр энергиясынын наркынын өсүшү менен шартталган. Кошумча таасирди дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясы көрсөттү (ФАОнун дан азыктарынын баа индекси ноябрь айында 105,5 пунктту түзүп, октябрга салыштырмалуу 1,9 пунктка же 1,8 %га жогору болду);

            - Эт – баалар 14,0 %га жогорулады (таасири 0,33 п.п.), бул тоюттун, күйүүчү майдын жана транспорттук чыгымдардын кымбатташы, мал сатып алуу бааларынын өсүшү, ошондой эле коңшу өлкөлөр тараптан экспорттук суроо-талаптын көбөйүшү менен байланыштуу болуп, ички рынокто сунуштун кыскарышына алып келди;

            - Мөмө-жемиштер жана жашылчалар – баалар 15,1 %га өстү: жашылчалар 8,6 %га кымбаттады (таасири 0,42 п.п.), мөмө-жемиштер 38,8 %га жогорулады (таасири 0,68 п.п.). Бул ата мекендик продукциянын сезондук сунушунун кыскарышы, мезгил аралыкта импорттун үлүшүнүн көбөйүшү, ошондой эле күйүүчү майдын жана электр энергиясынын баасынын өсүшүнө байланыштуу ташуу жана сактоо чыгымдарынын жогорулашы менен шартталган;

            - Майлар жана майлуу азыктар – баалар 15,1 %га жогорулады, бул энергия ташуучулардын жана азык-түлүктүн дүйнөлүк бааларынын өсүшү сыяктуу глобалдык факторлор, ошондой эле сакталып турган логистикалык чектөөлөр менен байланыштуу болуп, өсүмдүк майларынын дүйнөлүк баалары төмөндөшүнө карабастан, транспорттук жана кошумча чыгымдардын көбөйүшүнө алып келди.

            Алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына болгон баалар 7,9 %га жогорулады (таасири 0,68 пайыздык пунктту түздү), анын ичинде: алкоголдук ичимдиктердин баалары 7,3 %га, тамеки буюмдарынын баалары 9,4 %га өстү. Бул тамеки продукциясына акциздердин жогорулашы жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана логистика боюнча чыгымдардын өсүшү менен шартталган.

Азык-түлүк эмес товарлардын баа индекси 7,0 %га жогорулады (таасири 2,03 п.п.). Турак жай кызматтарына, сууга, электр энергиясына, газга жана башка отун түрлөрүнө болгон баалар 13,9 %га өстү, негизинен электр энергиясынын баасынын 23,6 %га жогорулашына байланыштуу. Бул Кыргыз Республикасынын 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык тарифтердин жыл сайын жогорулашы менен шартталган (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтому). Кошумча инфляциялык басымды күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташы (+14,2 %), анын ичинде бензиндин (+14,8 %) жана дизелдик отундун (+10,9 %) бааларынын өсүшү жаратты. Бул сезондук суроо-талаптын жогорулашы жана Россия Федерациясындагы мунай иштетүүчү заводдордо жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу Россиядан экспорттоого коюлган чектөөлөр менен түшүндүрүлөт.


Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 9,1% га (1,54 пайыздык пунктка) жогорулады, негизинен билим берүү (+26,0 %), саламаттыкты сактоо (+10,3%) дары-дармектердин, керектелүүчү материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын жогорулашынан улам, ошондой эле эс алуу жана маданий иш-чаралар (+8,5%) жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөр (+4,9%), бул персоналдын, ижара акысынын жана логистиканын чыгымдарынын өсүшүнө байланыштуу болду. Ресторандардын жана мейманканалардын баалары орточо, 2,8% га жогорулады.

Инфляциянын тездешине төмөнкү кошумча ички жана тышкы факторлор да таасир эткен:

- калктын акчалай кирешелеринин жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн тез өсүшү: номиналдык жана реалдык эмгек акынын кыйла жогорулашы (2024-жылы номиналдык өсүш 14,1 %, реалдык – 8,6 %; 2025-жылдын январь–октябрь айларында тиешелүү түрдө 19,2 % жана 10,4 %). 2025-жылдын январь-октябрь айларында жеке адамдардын чек ара аркылуу акча которууларынын таза агымы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,9% га өскөн. Бул процесстер суроо-талаптын инфляциясын жогорулатып, керектөөнүн өсүшүнө жана ички бааларга басым жасоого өбөлгө түзгөн;

- ички рыноктун азык-түлүк товарларынын (ун, өсүмдүк майы, дан эгиндери ж.б.) импортуна жана дүйнөлүк тенденцияга көз карандылыгы;

- логистиканын жана импорттун чыгымдарынын өсүшү: Казакстанда темир жол транспортуна тарифтердин жогорулашы (алгач 16%, андан кийин 35% га) транспорттук чыгымдардын көбөйүшүнө жана натыйжада чыгымдардын инфляциясынын жогорулашына алып келди;

- насыя берүү ишмердүүлүгүнүн күчөшү: 2025-жылдын январь-октябрь айларында насыя берүүнүн көлөмү 52,0% га өстү, ал эми керектөө насыяларынын көлөмү дээрлик эки эсеге өстү, бул ички суроо-талаптын жогору болушун колдоп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын өсүшүнө түрткү болду;

- соода өнөктөш өлкөлөрдө сакталуучу инфляция, алардан республика керектөө товарларынын олуттуу бөлүгүн импорттогондуктан, тышкы инфляциялык басымды күчөтүүнү улантып, ички рынокто баалардын төмөндөшү үчүн потенциалды чектеп жатат (маалымат үчүн: 2025-жылдын 11 айында Казакстанда баалар 11,4 %га, Россия Федерациясында 5,3 %га, Беларусияда 6,5 %га, Арменияда 2,0 %га өскөн).

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ички азык-түлүк рыногунда негизги азык-түлүк товарларынын бааларын турукташтыруу максатында 2025-жылы төмөнкү чаралар көрүлдү:

- Министрлер Кабинетинин 2025-жылга карата социалдык жактан маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларынын өсүү темптерин ооздуктоо боюнча иш-аракеттер планы кабыл алынды (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 72-р буйругу), ал активдүү көзөмөлдөнүп жатат;

- 2025-жылдын 31-январынан тартып айыл чарба жаныбарларын үчүнчү өлкөлөргө (бодо мал, майда мүйүздүү мал, жылкы) экспорттоого уруксат берүү токтотулду, бул жаныбарлардын тышкы жеткирүүсүн азайтууга жана ички рынокко болгон басымды азайтууга мүмкүндүк берди;

- 2025-жылдын 11-августунда эт азыктарына (сөөксүз эттен тышкары уй жана козу эти) убактылуу өкмөттүк бааларды жөнгө салуу киргизилген. Бул чара керектөөчүлөр үчүн баалардын андан ары өсүшүн ооздуктоого багытталган. Бул жөнгө салуу башында 90 күнгө созулушу керек болчу жана кийинчерээк 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылган;

- 2025-жылдын 1-октябрынан баштап көмүргө убактылуу бааларды жөнгө салуу 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилип, баалардын чектөөлөрү белгиленди. Бул чара социалдык жактан маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана инфляциялык басымды ооздуктоого багытталган;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы баалардын туруктуулугун сактоого багытталган акча-кредит саясатын активдүү жүргүзүп жатат. 2025-жылы негизги пайыздык чен үч жолу 11,00%га чейин көтөрүлдү. Бул чаралар инфляцияны ооздуктоого жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган.

Эмгек акы. Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2025-жылдын январь-октябрь айларында 42 929 сомду түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19,2 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 10,4 %га өстү. 

2025-жылдын январь-октябрында номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы 2024-ж. январь-октябрына салыштырмалуу экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы кыймылсыз мүлк операциялары (33,9 %), курулушта (32,4 %), кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик (29,8 %),административдик жана көмөкчү ишмердик (29,6 %), мамлекеттик башкаруу жана коргоо, милдеттүү социалдык камсыздоо (29,1 %), саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (24,5 %), электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) (22,5 %), мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги (22,1 %), башка тейлөө ишмердиги (20,7 %), ошондой эле транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо (18,0 %) чөйрөлөрүндө белгиленди.

Тышкы жана өз ара соода. 2025-жылдын январь- октябрь айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 12,8 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га төмөндөдү. Мында, соода жүгүртүүнүн түзүмүндө экспорттун үлүшү – 18,8 %ды, ал эми импорттуку – 81,8 %ды түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмүнүн быйылкы жылдын январь–октябрь айларында 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыскарышы экспорттук жөнөтүүлөрдүн да, импорттук келип  түшүүлөрдүн да азайышы менен шартталды.

Кыргыз Республикасынын экспорттук берүүлөрү 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 38,2 %га азайып, 2,4 млрд АКШ долларын түздү. Алтынды эсепке албаганда экспорттун көлөмү 21,7 %га кыскарып, 1,7 млрд АКШ долларын түздү.

Экспорттун кыскарышынын негизги фактору катары өлкө үчүн мурдагыдай эле алтын калууда, анын экспорттолгон продукциянын жалпы көлөмүндөгү үлүшү 28,3 %ды түздү. Экспорттук динамикага кошумча терс таасир негизги соода өнөктөштөр — Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасы тарабынан суроо-талаптын төмөндөшү менен шартталды. Ошол эле учурда машиналар жана жабдууларды камтыган инвестициялык товарларды жөнөтүү көлөмүнүн кыскарышы байкалып, бул экспорттун жалпы көлөмүнө олуттуу таасирин тийгизди. Мындан тышкары, 2025-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору менен ички рынокту стратегиялык чийки зат менен камсыз кылуу максатында айрым чийки зат товарларын экспорттоого убактылуу чектөөлөрдүн киргизилиши экспорттук кирешенин убактылуу кыскарышына жана экспорттун жалпы динамикасынын басаңдашына алып келди.

Ал эми импорттолгон товарлардын көлөмү 10,4 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,3 %га төмөндөдү. Импорттун төмөндөшү үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын кеңири ассортиментинин, анын ичинде автомобилдердин, тиричилик техникаларынын, жабдуулардын келип түшүү  көлөмүнүн кыскарышы менен шартталган.

2025-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 4,5 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,1 %га өстү. Ошол эле учурда экспорттук жеткирүүлөр 0,9 млрд АКШ долларын түзүп, 36,1 %га кыскарды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 19,2 %га өсүп, 3,6 млрд АКШ долларына жетти.

 Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,3 %) жана Казакстанга (33,2 %) туура келди.

Үчүнчү өлкөлөр менен (ЕАЭБден тышкары) тышкы сооданын көлөмү 8,3 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын январь-октябрына салыштырмалуу 15,9 %га азайды. Республиканын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүндө үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодасы 64,7 %ды, экспорт 61,3 %ды, импорт 65,5 %ды түздү.

[1] Өсүү темптери ДКНдин негизинде берилген.

Онлайн кайрылуу