Кабул шаарында Кыргызстандын Ооганстандагы соода үйү ачылды

Новости
17-Декабрь 2025-ж.
310

2025-жылдын 16-декабрында Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты.

Соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар бул кадам Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти. 

Онлайн кайрылуу