Министр А. Кожошев: ишкердик актдивдүүлүгү жана инвестициялык жагымдуулугу үчүн шарттарды түзүү жөнүндө

Новости
28-Январь 2016-ж.
2156

""Ушул тууралуу 2016-жылдын 29-январында Талас шаарында КР экономика министри Арзыбек Кожошев Талас облусунун бизнес коомчулугу жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуусунда билдирди.

Министр белгилегендей, бүгүнкү иш-чара республиканын баардык региондорунда ишкерлер менен жолугушуусунун алкагында өтүп жатат, жана бул жолугушуунун жүрүшүндө. экономика министрлигинин адистери, бизнестин серепчилери ишкердикти өнүктүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда, бизнесчилердин укуктары жөнүндө маалымдашууда жана ошондой эле евразиялык интеграциясынын алкагында актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ишкерлердин алдында экономика министрлигинин башчысы А. Кожошев, азыркы замандын шарттарында дүйнөлүк экономиканы ааламдаштыруу жана экономикалык процесстеринин чоң турбуленттиги, азыркы күндө өлкөлөрдүн экономикасын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда региондордун ролу ачкычтуу мааниге ээ экендигин белгиледи. Глобалдуу атаандаштыкты күчөтүү менен тышкы рынокко жетүү улуттук экономикалардын өсүшүнүн ачкычтуу фактору болот.

2015-жылы Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдигинин (мындан ары ЕАЭБ) толук укуктуу мүчөсү болду. Ушул убакта ЕАЭБ өлкөлөрү боюнча товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин өтүүсүн камсыз кылуу үчүн комплекстүү иш-чаралар аткарылды.

Бардык жол-жоболорду бүтүргөндөн кийин кыргыз-казак чек арасында баардык бажы тартиптери жоюлган, республиканын территориясында бирдиктүү бажы тарифи, ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү номенклатурасы, продукцияга болгон бирдиктүү талаптары күчүнө кирген.

18-ноябрда фитосанитардык көзөмөл алып салынды, өтүүгө жеңилдик жана керектүү уруксат кылуучу документтерди алуу үчүн ата-мекендик бизнесчилер тарабынан 28 ата-мекендик лабораториялар аккредиттелген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу