Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлү Наманган облусунун ишканалары менен таанышты

Новости
16-Декабрь 2025-ж.
101

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы соода өкүлү Уран Темирбеков Наманган облусуна барды. Сапардын алкагында Наманган облусунун Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, "Наманган" эркин экономикалык аймагынын администрациясы, ошондой эле аймактын өнөр жай жана жеке компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөдү. 

Сапардын жүрүшүндө төмөнкү ишканалар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты: 

"Paper Box Invest" ЖЧКсы - тамак-аш продукциясы үчүн сапаттуу таңгактарды чыгаруу; 

"Innovation Trans Oil GD" ЖЧКсы - битум өндүрүү;

 таттуу үй шартында жасалган нан азыктарын чыгаруучу жеке компаниялар; 

жемиштерди кайра иштетүү жана кургатуу боюнча ишканалар; 

таңгактоочу пленка чыгаруучу завод (азык-түлүктөрдү жана товарларды таңгактоо үчүн жука түрмөк пленка). 

Наманган облусунун Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү кыргыз тарапты ишканалардын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныштырып, өндүрүш процесстерин көрсөтүп, B2B-жолугушууларды уюштурууга ар тараптуу көмөк көрсөтүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында наманган тарап активдүү кызматташууга даяр экендигин билдирип, аймак Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү үчүн ачык экенин баса белгиледи.

Онлайн кайрылуу