Бишкекте «ЭКО-Чаткал 2035: инвестиция жана климаттык туруктуулук» форуму болуп өттү

Новости
15-Декабрь 2025-ж.
170

Бүгүн, 2025-жылдын 15-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Тумановдун катышуусунда «ЭКО-Чаткал 2035» улуттук форуму болуп өттү. Иш-чара улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү демилгесин, ошондой эле Чаткал районундагы климаттык каржылоо механизмдерин талкуулоого арналды.

Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, бизнес-коомчулуктун жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө илимий-аналитикалык негиздемелер, лейбл-пилоттун институционалдык модели, ошондой эле энергетика, айыл чарба, чакан жана орто бизнес, туризм жана креативдүү индустриялар тармагында Чаткал районун өнүктүрүүнүн негизги экономикалык багыттары көрсөтүлдү.

Медербек Туманов өз сөзүндө Чаткал району экотуризмдин алдыңкы борборлорунун бири, экологиялык таза айыл чарба продукциясын жеткирүүчү, ошондой эле жашыл энергетика тармагында лидерлердин бири болууга олуттуу потенциалга ээ экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Чаткал районунун акими Алтынбек Сенирбаев экотуризмди жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү темасын улантты. Анын айтымында, учурда кубаттуулугу 160 МВт болгон гидроэлектростанцияны куруу иштери башталды. Форумдун негизги жыйынтыгы болуп улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү жана климаттык каржылоо инструменттерин колдонуу боюнча консолидацияланган сунуш камтылган жыйынтык резолюциясынын долбоорун макулдашуу болду.

Форум Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн модели катары Чаткал районун өнүктүрүүгө мамлекеттин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кызыгуусу жогору экенин тастыктады.

Онлайн кайрылуу