Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Фергананын ишканаларына иш сапары менен барышты. Экинчи күн

Новости
15-Декабрь 2025-ж.
169

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгү Фергана облусуна жумушчу сапары менен барды. Иш сапардын алкагында Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Фергана аймактык башкармалыгынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын аймактык башкармалыгынын көмөгү менен Фергана облусунун ири ишканалары менен жеринен таанышып чыгуу ишчаралары уюштурулду. 

Иш сапарынын алкагында тараптар төмөнкү ишканаларга биргелешип барышты:

  • «Tantana Textile» — текстиль продукциясын өндүрүү;
  • «Narimtex» ЖЧК — сырткы кийимдерди жана жүндөн токулган кездемелерди өндүрүү.
     Аталган ишканалар кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде толлинг схемасы боюнча ар кандай кызматташуу форматтарын кароого кызыкдар экендиктерин билдиришти;
  • «ROF FOOD» ЖЧК — ширелерди жана консервацияланган продукцияны өндүрүү. Ишкананын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөрүнөн алмаларды түздөн-түз сатып алууга даяр экенин билдирди.

Соода өкүлчүлүгү Фергана облусунун ири экономикалык потенциалга ээ экенин жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн толук ачык экенин белгилейт. Өз кезегинде, Фергана тарабы да соода жана ишкердик байланыштарды активдештирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Онлайн кайрылуу