Бишкекте Экинчи «В5+1» форумуна даярдык боюнча брифинг болуп өттү

Новости
13-Декабрь 2025-ж.
335

2025-жылдын 12-декабрында Бишкекте 2026-жылдын 4–5-февралында өтө турган Экинчи «В5+1» Форумун даярдоого арналган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн катышуусунда брифинг өткөрүлдү.

Белгиленгендей, Форум 2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Америка Кошмо Штаттарынын башчыларынын катышуусунда өткөн «С5+1» саммитинде жетишилген макулдашууларды аткаруу максатында уюштурулуп жатат жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги «В5+1» демилгесинин аймактык интеграцияны бекемдөө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүдө маанилүү курал болуп саналарын баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Экинчи «В5+1» Форумунун алкагында айыл чарба, электрондук коммерция жана IT, транспорт жана логистика, туризм, банк сектору жана критикалык минералдар сыяктуу негизги тармактык жана аймактык багыттарга өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Бул тематикалык блокторду кароо Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү үчүн негиз түзөт.

Форумду борбор шаарда өткөрүү менен Кыргыз Республикасы мамлекеттик органдар менен жеке сектордун ортосундагы конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын ырастайт. Экинчи «В5+1» Форуму Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын өкмөттөрү менен бизнес-коомчулугу ортосундагы жаңы экономикалык артыкчылыктарды талкуулоо жана узак мөөнөттүү диалогду өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп калат.

Онлайн кайрылуу