2025-жылдын 11-декабрында Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү, анда ЕАЭБ алкагында экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги аспектилери каралды. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен жыйынга министрдин орун басары Султан Ахматов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБдин стратегиялык документтерин ишке ашыруу маселелери талкууланды:
- «2025-жылга чейинки стратегиясы
- 2030-жылга чейинки жана 2045-жылга чейинки мезгилге ЕАЭБ алкагында экономикалык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларация.
2025-жылга чейинки ЕАЭБ стратегиясынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө комплекстүү баяндама ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына 2026-жылдын май айында сунушталат.
Өткөрүлгөн талкуунун алкагында ЕАЭБде тышкы жана өз ара электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду - бардык зарыл актыларды кабыл алууну тездетүү зарылдыгы белгиленди. Талкуунун жыйынтыгында ЕМПСтин тиешелүү тапшырмасы кабыл алынды.
Мындан тышкары, ЕАЭБде товарларды маркалоо тутумун өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин макулдашууга жетишилди, ал рыноктун ачыктыгын жогорулатууга, керектөөчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн укуктарын коргоого, ошондой эле техникалык жөнгө салуу жаатындагы талаптардын сакталышын контролдоону жеңилдетүүгө багытталган.
Бул чечимдерди ишке ашыруу соода процесстерин, анын ичинде электрондук соода чөйрөсүндө жөнөкөйлөтүүгө көмөктөшөт, бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө жана улуттук өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга кошумча түрткү берет.
Маалымат үчүн:
Электрондук сооданы жөнгө салуучу төмөнкү актылар акыркы баскычта турат:
- ЕАЭБде электрондук соода жөнүндө макулдашуу
- ЕАЭБде товарларды электрондук соода жүргүзүүдө кыйыр салыктарды алуу тартибин караган ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.