⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

Кыргызстан менен Германия кызматташуунун жаңы багыттарын талкуулашты

Новости
12-Декабрь 2025-ж.
773

2025-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде туризм тармагында, ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.