Кыргыз Республикасынын 2026-жылга карата электромобилдерге квота боюнча демилгелик сунушу макулдашылды

Новости
12-Декабрь 2025-ж.
334

2025-жылдын 11-декабрында Москва шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2026-жылга карата ЕАЭБ ТЭИ ТН 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коду менен классификацияланган электр кыймылдаткычтары бар транспорт каражаттарын бажы алымдарын төлөбөстөн импорттоого 15 миң даана квота берүү боюнча демилгелик сунушу колдоого алынды. 

Ошентип, жаңылануулар электрдик тартуу менен гана иштеген электромобилдерди жана электр кыймылдаткычы ички күйүүчү кыймылдаткыч менен айкалышкан гибриддик орнотмосу бар унааларды өзүнчө классификациялоого мүмкүндүк берет. 

Бул стратегиялык чечим экологиялык таза транспортко өтүүнү кыйла стимулдаштырууга жана электромобилдер үчүн зарыл болгон инфраструктураны, анын ичинде заряддоо станцияларынын тармагын активдүү өнүктүрүүгө багытталган.

Маалымат үчүн: 

2025-жылдын 23-сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясы ЕАЭБ ТЭТ ТН, ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифине (ЕАЭБ ББТ) өзгөртүүлөрдү киргизген, ошондой эле транспорт каражаттарынын айрым түрлөрү боюнча Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жана коллегиянын мурда кабыл алынган чечимдерине түзөтүүлөрдү киргизген № 81 чечимин бекитти. 

Эми категориянын түзүмү деталдуу болуп калды: 

8703 80 000 3 — M1 же M1G категориясындагы жеңил автомобилдер, тышкы электр энергия булагынан гана заряддалат. 

8703 80 000 5 — M1 же M1G категориясындагы жеңил автомобилдер, конструкциясынын башка тибиндеги (энергиянын башка булактарын колдонгон электромобилдер).

Онлайн кайрылуу