2025-жылдын 11-декабрында Соода өкүлчүлүк иш-чаралар планын аткаруунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Андижан аймактык башкармасынын жетекчисинин орун басары Ботыр Иннобиддинов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушууда конструктивдүү диалог өтүп, региондор ортосундагы товар айлануу, мындан аркы өз ара кызматташуунун перспективалары жана кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Андижан облусу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы товар айлануусу боюнча маалымат алмашуу жана мындан аркы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилди. Ошондой эле кыргызстандык ишкерлер менен өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн чоң потенциал бар экени белгиленди.
Тараптар өнөр жай, соода жана логистика тармактарын кошо бардык багыттарда кызматташууга даяр экенин билдиришти.
Мындан тышкары, кесиптештер Андижан облусундагы бир катар ири ишканаларга барууну уюштурушту. Алардын катарында:
ООО “Dinar Group” — текстиль продукциясын чыгаруу;
ООО “Ravon Taraqqiyot Orzusi” — бут кийим өндүрүү;
“Andijan Mebel Markazi” өнөр жай эмерек зонасы;
ООО “Everest Asbest” — курулуш материалдарын чыгаруу.
Соода өкүлчүлүгү өндүрүштүк процесстер менен — баштапкы этаптардан тартып даяр продукцияга чейин — кеңири таанышты. Жогоруда аталган компаниялардын жетекчилиги активдүү кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргыз Республикасынын рыногуна жогору кызыгуу көрсөтүштү.